Жаңылыктар

22.01.2025

Дары-дармектерди каттоо жана экспертизалоо эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилди

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 22-январдагы отурумда Медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын каттоо жана экспертизалоо эрежелерине өзгөртүүлөрдүн топтомун бекитти.

Өзгөртүүлөрдүн топтомунда таңгагында ар кандай кошумча түзмөктөр мисалы, киргизүү каражаттары, өлчөөчү чөйчөктөр жана кашыктар, дары-дармек препаратын туура даярдоону жана сактоону камсыз кылуучу каражаттар камтылган дары-дармектерди каттоону жөнгө салуу ыкмалары каралган.

Таңгакка салынган продукциянын түрүнө жараша өндүрүүчү каттоо досьесинин курамында дары-дармектерди ченемдөөдө жана колдонууда буюмдун өзүнүн функциясынын сапатын жана талаптагыдай аткарылышын ырастоочу документтерди берүүгө милдеттүү. Ошол эле учурда өтүнмө берүүчүлөргө жөнгө салуучу жүктөмдү азайтуу максатында мындай буюмдарды жана түзүлүштөрдү медициналык буюмдар катары өзүнчө каттоо милдеттүү болуп саналбайт.

Ошондой эле өзгөртүүлөрдүн топтому менен дары-дармек препаратынын ар бир жаңы дарылык формасы үчүн өзүнчө каттоо күбөлүгүн тариздөө каралган.