Жаңылыктар

10.06.2022

Төмөн вольттуу жабдууларга карата техникалык регламентке өзгөртүүлөр киргизилди

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши төмөн вольттуу жабдууларга карата техникалык регламентке өзгөртүүлөрдү киргизди. Атап айтканда, аны колдонуу чөйрөсүнөн буга чейин пайдаланууда болгон төмөн вольттуу жабдуулар, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин машина куруу продукциясына, лифттерге жана жарылууга кооптуу чөйрөлөрдө иштөө үчүн жабдууларга карата техникалык регламенттеринин колдонуу чөйрөсүнө кирген төмөн вольттуу жабдуулар (кабелдерден, зымдардан, шнурлардан сырткары) чыгарылып салынат.

Эксплуатациялык документацияда көрсөтүлгөн түшүнүк аппараты, маалыматтардын курамы, коопсуздук талаптарына шайкештигин сертификаттоо түрүндө тастыктоого жаткан төмөн вольттуу жабдуулардын тизмеги такталды.

Өзгөртүүлөр Беларусь Республикасынын Стандартташтыруу боюнча мамлекеттик комитети тарабынан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдары менен биргеликте иштелип чыкты. Документ техникалык регламенттин колдонуу чөйрөсүн тактоого, Бирликтин башка кабыл алынган техникалык регламенттеринин жоболорунун кайталанышын болтурбоого багытталган.

Өзгөртүүлөр ЕЭК Кеңешинин чечими расмий түрдө жарыялангандан күндөн тарта 180 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

ЕЭК Коллегиясынын өзүнчө чечими менен өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин берилген шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди колдонуу боюнча өткөөл жоболор аныкталат. Өткөөл мезгилдин мөөнөтү буга чейин калыптанган иш-тажрыйбаны эске алуу менен белгиленет.