2023-жылдын январь-сентябрында орточо айлык номиналдык жана реалдуу (товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын индексине карата түзөтүлгөн) эмгек акы 2022-жылдын ушундай эле мезгилине салыштырмалуу Евразия экономикалык бирлигинин бардык мамлекеттеринде көбөйгөн.
Орточо айлык реалдуу эмгек акынын эң жогорку өсүш темпи Арменияда (113,4%), Кыргызстанда (110,7%) жана Беларуста (110,1%) катталган.
Айлык орточо номиналдык эмгек акынын өлчөмү Кыргызстанда 32 миң сомдон баштап (30 миң россиялык рубли) Россияда 70 миң рублга чейинкини түзөт.
Кененирээк статистикалык маалымат Евразия экономикалык комиссиясынын Статистика департаментинин баракчасында "Эмгек акы жөнүндө" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.