Жаңылыктар

29.03.2024

Россиядагы Америкалык соода палатасында ЕАЭБде интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо маселелери талкууланды

Евразия экономикалык комиссиясынын Ишкердик ишмердүүлүктү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Нуржамал Ильясованын ЕАЭБде интеллектуалдык менчик укуктарын коргоонун натыйжалуу тутумун түзүүгө багытталган практикалык кадамдар жөнүндө баяндамасы 2024-жылдын 29-мартында Россияда өткөн Америкалык соода палатасынын Бажы-транспорт комитетинин отурумунун катышуучуларынын арасында чоң кызыгууну жаратты.

Комитеттин мүчөлөрү ЕАЭБдин ички рыногуна контрафакттык товарлардын түшүүсүнө каршы бажы инструменттерин өркүндөтүүгө багытталган акыркы евразиялык тренддер боюнча Нуржамал Ильясова тарабынан берилген маалыматты дыкат талкуулашты.

 Артыкчылыктуу багыттардын катарында ЕЭК өкүлү интеллектуалдык менчик объектилеринин бирдиктүү бажы реестрин ишке киргизүү, интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган товарлардын жүрүшүнө бажы контролунун жол-жоболорун оптималдаштыруу, укук ээлеринин укуктарынын бузулушуна каршы күрөшүү жаатында укук колдонуу практикасын талдоо жана оңдоо боюнча иштерди бөлүп көрсөттү.

Отурумдун катышуучулары интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө укук колдонуу жана сот практикасын өнүктүрүүнүн келечеги боюнча өз көз караштары менен бөлүшүп, интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоонун жана сактоонун башка актуалдуу аспектилерин талкуулашты.

Маалымат

Россиядагы Америкалык соода палатасы (The American Chamber of Commerce in Russia, AmCham Russia) Россиядагы алдыңкы чет элдик бизнес ассоциациясы болуп саналат. 1994-жылы негизделген AmCham америкалык ири корпорациялардын, россиялык компаниялардын, ошондой эле Европа жана Азия өлкөлөрүнүн компанияларынын кызыкчылыктарын билдирет.

AmCham миссиясы – Россияда бизнес жүргүзүүгө көмөктөшкөн туруктуу рынок чөйрөсүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү болуп саналат.