Жаңылыктар

06.02.2025

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик сатып алууларына катышуу мүмкүнчүлүгү жети миң өнөр жай товарлары үчүн узартылды

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар максаттары үчүн товарлардын айрым түрлөрү чыгарылган өлкөнү аныктоо эрежелерине (ТЧӨ эрежелери) № 1-1 тиркеменин аракетин 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартты. Аталган Эреже ЕЭК Кеңешинин 2020-жылдын 23-ноябрындагы № 105 Чечими менен бекитилген.

Документ СТ-1 сертификатын берүүнүн негизинде Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин Өнөр жай товарларынын евразиялык реестрине жети миңден ашык өнөр жай товарларын камтыган 258 товардык аталышты киргизүүгө мүмкүндүк берет.

ТЧӨ эрежелери ата мекендик жеткирүүчүлөр үчүн преференциялар белгиленген же чет өлкөлүк товарлар боюнча чектөөлөр киргизилген ЕАЭБ мамлекеттеринде мамлекеттик сатып алуулар үчүн товарлардын чыгарылган өлкөсүн аныктоо жана тастыктоо маселесин жөнгө салууга карата бирдиктүү мамилени аныктайт. ТЧӨ эрежелери инвестициялык жагымдуулукту жана локалдаштыруу деңгээлин жогорулатууга, евразиялык өндүрүүчүлөрдүн ортосунда кооперациялык байланыштарды кеңейтүүгө багытталган.

ЕЭКтин расмий сайтынын "Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы саясат департаменти" бөлүмүнүн"Көп берилүүчү суроолорго суроо-жооп" кошумча барагында товар жана аны өндүрүүчү жөнүндө маалыматтарды ӨТЕРге киргизүүнүн тартиби, Комиссиянын мындай маалыматтарды киргизүүгө өтүнмөнү карап чыгуусунун алгоритми жөнүндө маалымдама маалымат жарыяланган.