Жаңылыктар

23.08.2024

ЕЭК жана Казакстандык бизнестин жолугушуусу: ишкерликти жүргүзүү шарттарын жакшыртууга көңүл бурулат

23-августта Алматыда Евразия экономикалык комиссиясынын Ишкердик ишмердүүлүктү өнүктүрүү департаментинин директору Ернар Бакенов Казакстан Республикасынын "Атамекен" Улуттук ишкерлер палатасынын аймактык кеңсесинин аянтчасында өткөн бизнес-коомдоштук менен жолугушууга катышты.

Ернар Бакенов өз сөзүндө ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнө Евразия экономикалык бирлигинин алкагында жөнгө салуунун бизнес жүргүзүү шарттарына, анын ичинде быйылкы жылы киргизилген "жаңыларына" тийгизген таасирин баалоого катышуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди, ЕЭК кабыл алган чечимдердин иш жүзүндөгү таасирин баалоо жана эл аралык келишимдердин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоо жол-жоболору жөнүндө айтып берди.

"2023-жылы ЖТБ жол-жобосу учурунда бизнестен Комиссиянын актыларынын долбоорлору боюнча 747 сунуш келип түшкөн. Алардын жарымынан көбү долбоорлорду жеткире иштеп чыгууда эске алынган, ал эми ЖТБнын оң корутундуларынын үлүшү 98% көрсөткүчкө жеткен. Бул сандардын артында, бир жагынан, ЕЭК чечимдерин кабыл алууда бизнестин жогорку деңгээлде катышуусу, экинчи жагынан – жөнгө салуучу "ийкемдүүлүк" жана Комиссия тарабынан ачыктык турат", – деп белгиледи спикер.

Мындан тышкары, Комиссиянын өкүлү Бирликтин ички рыногунун иштешинин натыйжалуулугун камсыздоо үчүн көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө, ошондой эле ишкердикти өнүктүрүүгө евразиялык экономикалык интеграция процесстеринин оң таасирин тастыктаган көрсөткүчтөрдүн маанилеринин оң динамикасы жөнүндө айтып берди.

Ернар Бакенов Казакстандын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү тарабынан мурда коюлган конкреттүү маселелерди чечүүнүн жыйынтыктары, ошондой эле иштеп чыгуу уланып жаткан актуалдуу маселелердин бөлүгүн жөнгө салуу боюнча жетишилген ийгиликтер тууралуу маалымат берди.

ЕЭК өкүлдөрү ошондой эле казак ишкерлеринин суроолоруна жооп беришти жана алар тарабынан айтылган көйгөйлөрдү иштеп чыгууга кабыл алышты.