30-сентябрда Евразия экономикалык бирлигинин "Ташууга жана (же) пайдаланууга даярдалган мунайдын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентине өзгөртүүлөр күчүнө кирет.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 2023-жылдын 29-августундагы № 89 чечими менен техникалык регламентке өзгөртүүлөрдү киргизип, аны техрегламентте каралган мунай паспортунун бирдиктүү формасы жана паспортту толтуруу эрежелери менен толуктаган. Техникалык регламенттин, анын талаптарын бир түрдүү колдонуу үчүн паспорттун формасына байланыштуу айрым жоболору такталды.
Паспорттун унификацияланган формасына өтүүнү камсыз кылуу максатында, мунайдын партиясына ушул чечим күчүнө киргенге чейин, башкача айтканда бирдиктүү форма боюнча эмес жол-жоболоштурулган паспорттор 2023-жылдын 1-ноябрына чейин жарактуу.
Ошондой эле өзгөртүүлөрдө мунайга сыноолорду жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү техрегламентке ыкмалардын стандарттарынын тизмесине киргизилген стандарттарда белгиленет деп каралган.
Өзгөртүүлөр Бирликтин аймагында мунайды чыгарууда жана аны жүгүртүүдө, анын ичинде документацияларды жол-жоболоштуруу жагында бирдиктүү мамилелердин калыптанышын камсыз кылат.