Жаңылыктар

09.12.2022 (Обновлено: 28.12.2022 11:02)

ЕАЭБдин төмөн вольттуу жабдуулар жана техникалык каражаттардын электромагниттик шайкештиги боюнча техрегламенттерине өзгөртүүлөр күчүнө кирет

11-декабрда ЕАЭБдин төмөн вольттуу жабдуулар жана техникалык каражаттардын электромагниттик шайкештиги боюнча техрегламенттерине өзгөртүүлөр күчүнө кирет.

Техникалык регламенттерге өзгөртүүлөр аларды колдонуу чөйрөлөрүн тактоого, ЕАЭБдин кабыл алынган башка техникалык регламенттеринин жоболорунун кайталануусун болтурбоого багытталган.

Атап айтканда, "Төмөн вольттуу жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентин колдонуу тармагынан мурда колдонулган (пайдаланылган) төмөн вольттуу жабдууларды, ошондой эле колдонуу жаатына кирген жана ЕАЭБдин "Машиналардын жана жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" (ББ ТР 010/2011), "Лифттердин коопсуздугу" (ББ ТР 011/2011) 

жана "Жарылуу коркунучу бар чөйрөлөрдө иштөө үчүн жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" (ББ ТР 012/2011) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештиги тастыкталууга тийиш болгон төмөн вольттуу жабдуулар алынып салынат, кабелдерди, сымдарды, шнурларды кошпогондо.

ЕАЭБдин бул продукция үчүн электр магниттик шайкештиктин талаптарын белгилеген башка техникалык регламенттерин колдонуу чөйрөсүнө кирген продукция, ошондой эле колдонулган (пайдаланылган) медициналык буюмдар жана техникалык каражаттар "Техникалык каражаттардын электр магниттик шайкештиги" техникалык регламентинин таасирине кирбейт.

Өзгөртүүлөр ошондой эле техникалык регламенттердин түшүнүк аппаратын, продукциянын эксплуатациялык документтеринде көрсөтүлгөн маалыматтардын курамын жана сертификаттоо формасында техникалык регламенттердин коопсуздук талаптарына шайкештиги тастыкталууга тийиш болгон продукциялардын тизмегин тактайт.

Техрегламенттерге өзгөртүүлөрдүн өткөөл мезгилдери өзгөртүүлөр күчүнө кирген датага чейин жол-жоболоштурулган продукциянын шайкештигин баалоо жөнүндө документтер бул документтердин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу экендигин белгилейт.

Маалымкат

ЕАЭБдин "Төмөн вольттуу жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине (ББ ТР 004/2011) өзгөртүүлөр ЕЭК Кеңешинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 90 Чечими менен кабыл алынган.

ЕАЭБдин "Техникалык каражаттардын электромагниттик шайкештиги жөнүндө" техникалык регламентине (ББ ТР 020/2011) өзгөртүүлөр ЕЭК Кеңешинин 2022-жылдын 10-июнундагы № 91 Чечими менен кабыл алынган.