Магауия Канапияевич Сарбасов 1983-жылы Караганда облусунда (Казакстан Республикасы) туулган.
Билими боюнча – экономист, мамлекеттик башкаруунун магистри.
2003-жылдын августунан тарта – Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тутумунда эмгектенген. Ар кайсы жылдары Казакстандын БАЭдеги Башкы консулдугунда, Казакстандын Ооганстандагы Элчилигинде иштеген.
2006-2007-жылдары – Казакстан Республикасынын Премьер-министринин канцеляриясынын эксперти.
2008-2010-жылдары – Казакстан Республикасынын ТИМнин Борбордук Азия департаментинин биринчи катчысы, кеңешчиси.
2010-2016-жылдары – Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы.
2016-2017-жылдары – Казакстан Республикасынын Парламент Сенатынын Аппаратынын консультанты.
2017-2018-жылдары – Казакстан Республикасынын ТИМнин Евразиялык интеграция департаментинин директорунун орун басары.
2018-жылдан 2024-жылдын декабрына чейин "Отандастар фонду" УАК (Казакстан Республикасынын ТИМинин ведомстволук уюмунун) президентинин кеңешчиси, вице-президенти, башкы менеджери болуп иштеген.
2024-жылдын 10-декабрынан тартып Евразия экономикалык комиссиясынын Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директорунун орун басары кызматына дайындалды.
"Кұрмет" ордени, юбилейлик ведомстволук медалдар менен сыйланган.
"I класстагы кеңешчи" дипломатиялык рангына ээ.
Бир катар макалалардын жана илимий публикациялардын автору, "Казактар дүйнөсү", "Диаспоралык коомдоштуктардын өз ара аракеттенүүсүнүн жана колдоосунун эл аралык тажрыйбасы" китептеринин авторлошу.
Казак, орус жана англис тилдеринде сүйлөйт.
Үйлөнгөн. Төрт баланы тарбиялайт.