1996-жылы Ереван Эл чарба институтун аяктаган.
Эмгек жолун 1998-жылы Армения Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде баштаган. Ереванда "КПМГ Армения" ЖАКнын иштери боюнча башкаруучу, "Миң жылдыктын чакырыктары" корпорациясынын программасы боюнча инфраструктуралардын ишин координациялаган ACDI/VOCA компаниясынын консультанты болуп иштеген.
2013-жылдан тарта - Армения Республикасынын Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасынын жардамчысы, Салык төлөөчүлөрдү тейлөө жана салык процедуралары башкармалыктын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы, Армения Республикасынын Финансы министрлигинин Эл аралык кызматташтык департаментинин салык жана бажы мамилелери бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.
2017-жылдан - Армениянын Өнүктүрүү жана инвестициялар корпорациясынын аткаруучу директорунун кеңешчиси, Армения Өнүктүрүү жана инвестициялар корпорациясынын аппарат жетекчиси.
2020-жылдан - Армения Республикасынын Мамлекеттик кирешелер комитетинин Эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары.
2021-жылдын 10-февралынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын бажы мыйзамдары жана укук колдонуу иш-тажрыйбасы департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.