Жаңылыктар

18.08.2020

ЕЭКтин Cоода саясаты департаментинин директорунун орун басары болуп Касымали уулу Каныбек дайындалды

Касымали уулу Каныбек 1989-жылдын 25-декабрында төрөлгөн. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин (Кыргыз Республикасы) экономика жана менеджмент факультетин "эл аралык мамилелер" адистиги боюнча бүтүргөн. Ошондой эле, Корея өнүктүрүү институтунун алдындагы Мамлекеттик саясат жана башкаруу мектебинде (Корея Республикасы) "өнүгүү саясаты" адистиги боюнча магистратураны аяктаган. ​Касымали уулу Каныбек 1989-жылдын 25-декабрында төрөлгөн. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин (Кыргыз Республикасы) экономика жана менеджмент факультетин "эл аралык мамилелер" адистиги боюнча бүтүргөн. Ошондой эле, Корея өнүктүрүү институтунун алдындагы Мамлекеттик саясат жана башкаруу мектебинде (Корея Республикасы) "өнүгүү саясаты" адистиги боюнча магистратураны аяктаган. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттикте иштеген. 2016-жылдан 2019-жылдын январь айына чейин Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде ЕАЭБди жана БСУ маселелерин координациялоо башкармалыгында Евразия экономикалык бирлиги менен иштешүү боюнча бөлүмдү жетектеп турган. 2019-жылдын январь айынан тарта Евразия экономикалык комиссиясына келгенге чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында стратегиялык өнүгүү саясаты, экономика жана каржы бөлүмүнүн долбоордук өнүгүү секторунун экспертинин кызматын ээлеп турган. ЕЭКте Cоода саясаты департаментинин директорунун орун басарынын кызматында ушул жылдын 17-августунан тарта иштеп келет. ​