Жаңылыктар

13.12.2024

ЕЭКтин Транспорт жана инфраструктура департаментинин директорунун орун басары болуп Рубен Акобян дайындалды

Рубен Ваникович Акопян 1976-жылы Армения Республикасынын Мартунин районундагы Цаккар айылында туулган.

1997-жылы Ереван мамлекеттик университетин, 2011 -жылы Архангельск башкаруу институтун жана 2017-жылы Россия Федерациясындагы Волгоград техникалык университетин аяктаган.

Эмгек жолун 1997-жылы элге билим берүү тармагында баштаган. Андан кийин, 2003-жылдан 2024-жылдын декабрына чейин, негизинен Армениянын жана Россиянын бизнес-түзүмдөрүндө, курулуш жана транспорт чөйрөлөрүндө жетекчи кызматтарды ээлеген.

2024-жылдын 10-декабрынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Транспорт жана инфраструктура департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.