Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
18.05.2021

ЕЭКтин укук департаментинин директорунун орун басары болуп Рахатбек Мамаев шайланды

Мамаев Рахатбек Доктурбаевич 1977-жылы Нарын шаарында (Кыргыз Республикасы) төрөлгөн. 1999-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөн.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарында ар түрдүү кызматтарда иштеген.

1999-2001-жылдарда – Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда.

2001-2002-жылдарда – "Ак-Тилек" Суу колдонуучулар ассоциациясында.

2002-2004-жылдар аралыгында – Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Мамлекеттик экономиканы өнүктүрүү фондунда.

2004-2010-жылдарда – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы.

2010-2012-жылдарда – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жарандык маселелери боюнча жооптуу катчысы.

2013-2014-жылдарда – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу "Инфоком" ММ адистештирилген борборунун директорунун орун басары.

2015-жылдан 2017-жылга чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын консультанты.

2017-2021-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн коррупцияга каршы секторунун эксперти, кадрдык иш жана мамлекеттик кызмат секторунун жетекчиси, адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысы.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги, мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чинине ээ. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ардак грамотасы менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ведомстволук сыйлыктары менен сыйланган.

2021-жылдын апрель айында Евразия экономикалык комиссиясынын укук департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.