Макроэкономикалык саясат департаменти - Евразия экономикалык комиссиясынын түзүмдүк бөлүмү. Ал Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттеринин (Беларусь, Казакстан жана Россия) социалдык-экономикалык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү саясатынын координациясынын деңгээлин жогорулатуу боюнча ишмердүүлүгүн камсыздайт. 

Макроэкономика саясаты департаменти тууралуу жобо Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасынын  2012-жылдын 29-майындагы № 151 буйругу менен бекитилген.


Департаменттин штаттык саны 31 кишиден турат.

Департаменттин ишмердүүлүгүнүн милдеттерин жана негизги багыттарын аныктаган негизги документ – 2010-жылдын 9-декабрындагы Макулдашылган макроэкономика саясаты тууралуу макулдашуу (2015-ж. - Евразия экономикалык комиссиясы тууралуу келишим).


Департаменттин негизги милдеттери:

1) БЭМ мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык туруктуулугун жана экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууну координациялоо;

2) бирдиктүү принциптердин негизинде макулдашылган макроэкономикалык саясат түзүүгө өбөлгө түзүү;

3) БЭМ мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык саясат жүргүзүү чөйрөсүндө өз ара натыйжалуу иш жүргүзүүлөрүн  камсыз кылуу;

4) Комиссиянын макроэкономикалык саясат чөйрөсүндөгү жөнгө салуучу функцияларын ишке ашыруу;

5) Комиссиянын макроэкономикалык саясат маселелери боюнча эл аралык ишмердүүлүгүн камсыз кылуу боюнча эл аралык уюмдар жана органдар менен иштешүү.


Маселелерди чечүүнүн алкагында Департамент төмөнкү негизги багыттар боюнча иш алып барат:

1. Макулдашылган макроэкономикалык саясат жөнүндө макулдашууну ишке ашырууга мониторинг (2015-жылдан баштап. - Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишим, XIII бөлүм "Макроэкономикалык саясат" жана ага карата №14 тиркеме 

2. Экономикалык серептерди даярдоо..

3. Экономикалык божомолдорду түзүү.

4. Изилдөөлөрдү жүргүзүү.

5. Макроэкономикалык саясат боюнча консультативдик комитеттин ишмердүүлүгүн коштоо.

Департаментте үч бөлүм түзүлгөн:

– усулдар жана талдоо бөлүмү

– макулдашылган макроэкономикалык саясат жүргүзүү учурундагы кызматташуу бөлүмү

– экономикалык саясат стратегияларынын бөлүмү​

 

Бөлүмдөр тууралуу кыскача маалымат

Методология жана иликтөө бөлүмү төмөндөгүдөй милдеттерди аткарат: 

1) экономикалык абалга жана экономиканын өнүгүүсүнүн перспективаларына, анын ичинде акча-насыя, бюджет саясаттарына жана мамлекеттик саясаттын социалдык-экономикалык  өнүгүү чөйрөсүндөгү башка маселелерине мониторинг жүргүзөт;

2) БЭМдин мүчө-мамлекеттеринин социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрүнүн божомолдорун түзөт;

3) экономиканын учурдагы жана келечектеги абалына байланыштуу докладдарды, серептөөлөрдү, негиздеме-маалыматтарды жана башка аналитикалык жана презентациялык материалдарды даярдайт; 

4) социалдык-экономикалык өнүгүүнүн улуттук божомолдорун калыптандыруу үчүн, БЭМ мүчө-мамлекеттери макулдашылган макроэкономикалык саясат жүргүзүшү үчүн принциптерди жана сценарийлик параметрлерди аныктайт; 

5) Комиссиянын башка департаменттерине макроэкономикалык саясат маселелери боюнча консультацияларды берет. 


Макулдашылган макроэкономикалык саясат жүргүзүү учурундагы кызматташуу бөлүмү төмөнкү милдеттерди аткарат:

1) мүчө өлкөлөрдүн макроэкономикалык саясат маселелери боюнча макулдашууларды ишке ашыруусун координациялайт;

2) ушул макулдашууларга ылайык документтерди иштеп чыгууну координациялайт, ошондой эле мындай документтерди түздөн-түз иштеп чыгат;

3) мүчө өлкөлөрдүн улуттук мыйзам тутумдарындагы макулдашуулардын ченемдерин чагылдыруну жөнгө салат;

4) Комиссиянын макроэкономикалык саясат маселелери боюнча чечимдеринин долбоорлорун, мамлекеттер аралык келишим жана макулдашуулардын долбоорлору жаатында корутундуларды даярдайт;

5) макулдашылган макроэкономикалык саясат чөйрөсүндө документтерди ишке ашыруу масеселери боюнча баяндамаларды, серептерди, маалымдамаларды жана башка аналитикалык жана презентациялык материалдарды даярдайт;

6) мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуулук көрсөткүчтөрүнүн жана эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда каралган башка параметрлердин  динамикасын талдайт, терс өзгөрүүлөрдү табууда аларга карата чараларды көрүү боюнча сунуштарды даярдайт; 

7) макроэкономикалык саясат маселелери боюнча кеңешме жана консультация органдарынын ишине усулдук жактан жетекчиликти уюштурат жана камсыз кылат.

 

Экономикалык саясат стратегиялары бөлүмү төмөнкү милдеттерди аткарат:

1) экономиканын жана анын чөйрөлөрүнүн өнүгүүсүнүн расмий божомолдоруна талдоо жүргүзөт, Комиссиянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында документтерге корутунду даярдайт; 

2) ЕЭП алкагында экономикалык өнүгүүнүн стратегиялык максаттарынын системасын калыптандыруу боюнча, аларга жетишүү үчүн макулдашылган иш-аракеттер боюнча сунуштарды даярдайт;

3) стратегиялык максаттарды болжолдоо чөйрөсүндө улуттар үстүндөгү ченемдик укуктук базаны жакшыртуу боюнча, аларды улуттук мыйзамдарга имплементациялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат; 

4) иштеп чыгууларды координациялайт жана Комиссиянын ыйгарым укуктарынын алкагында экономикалык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү стратегиялык документтерди иштеп чыгат; 

5) Комиссиянын ыйгарым укуктарынын алкагында стратегиялык максат койуу масеселери боюнча баяндамаларды, серептерди, маалымдамаларды жана башка аналитикалык жана презентациялык материалдарды даярдайт;