Мүчө мамлекеттер аккредитация чөйрөсүндө мыйзамдарды төмөнкүдөй жолдор менен айкалыштырат:
*эл аралык стандарттардын жана аккредитация боюнча эл аралык жана аймактык уюмдар тарабынан кабыл алынган башка документтердин негизинде аккредитация жаатындагы эрежелерди кабыл алуу;
*аккредитация жаатында, эл аралык стандарттардын негизинде иштелип чыгарылган мамлекеттер аралык стандарттарды колдонуу;
*лабораториялар аралык салыштырма сыноолорду (лабораториялар аралык салыштырууларды) өткөрүүнү камсыздоо жана уюштуруу;
Биримдиктин алкагында Сертификаттоо боюнча органдардын жана сыноо лабораторияларынын (борборлорунун) бирдиктүү реестри колдонулат. Бирдиктүү реестр улуттук бөлүктөрдөн турат, аларды түзүүнү жана жүргүзүүнү Биримдиктин мүчө-мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдары камсыздашат.