Энергетика жана инфраструктура

Энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Кожошев Арзыбек Орозбекович

темасындагы жаңылыктар «Энергетика жана инфраструктура»

24 Mar 2023 ЕЭК жана КМШнын Электр энергетика кеңешинин Аткаруу комитети энергетика чөйрөсүндө кызматташууну улантышат Евразия экономикалык комиссиясы менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Электр энергетика кеңешинин ортосундагы кызматташтык боюнча иш-чаралар планын актуалдаштыруу зарылчылыгы 23-мартта ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошевдин жана КМШнын Электр энергетика кеңешинин Аткаруу комитетинин төрагасы Тарас Купчиковдун жолугушуусунда каралды. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча ЕАЭБдин жана КМШнын жалпы электр энергетикалык рынокторун түзүү, климаттык жана санариптик күн тартиптери боюнча иштер, ошондой эле эки интеграциялык бирикмелерде электр энергетикасына тиешелүү процесстерге илимий жана эксперттик коомчулукту тартуу жаатында өз ара иштешүүнү күчөтүү жөнүндө макулдашууга жетишилди. "ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин жана КМШнын катышуучу мамлекеттеринин энергетика чөйрөсүндөгү өз ара пайдалуу кызматташтыгы боюнча сунуштарды иштеп чыгууга илимий коомчулукту кеңири тартуу евразиялык бешилтиктин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкөлөрүнүн экономикаларынын туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган өз ара пайдалуу жана негизделген чечимдерди табууга мүмкүндүк берет", — деп белгиледи Арзыбек Кожошев. Маалымат ЕЭК жана КМШнын Электр энергетикалык кеңешинин ортосундагы кызматташтык боюнча иш-чаралар планы 2016-жылдын 10-июнунда жактырылган.  
17 Mar 2023 Арзыбек Кожошев: "ЕАЭБ өлкөлөрү энергетика чөйрөсүндөгү чакырыктарды биргелешип жеңүүгө даяр" Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин алдында энергетика чөйрөсүндө турган чакырыктарды жана аларды жалпы күч аракеттер менен жеңүүгө даярдыкты Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев 16-17-мартта Бишкекте өткөн "Энергиянын кайра жаралуучу булактары, инновациялык иштеп чыгуулар жана өзгөчө экономикалык шарттарда санариптик трансформация" Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн Эл аралык энергетикалык форумунда белгилеп өттү. Форум ЕЭК менен биргеликте Кыргызстандын энергетикасындагы аялдар ассоциациясы тарабынан уюштурулган жана ЕАЭБ мамлекеттеринин энергобаланстарында энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууну кеңейтүүгө, энергетиканы санариптик трансформациялоого жана кадрдык дараметти өнүктүрүүгө арналган. ЕЭК министри энергиянын кайра жаралуучу булактарын жигердүү пайдаланууга жана буга байланыштуу декарбонизация процессине, төмөн көмүртектүү өнүгүүгө өтүүгө өзгөчө көңүл бурду. "Төмөн көмүртектүү өнүгүүгө өтүүнүн натыйжаларынын бири - казып алынуучу органикалык отунга сурамдын азайышы жана энергиянын кайра жаралуучу жана башка жашыл булактарынын ролун жогорулатуу болот", - деп эсептейт Арзыбек Кожошев. Форумга ЕЭКтин Энергетика департаментинин директору Вадим Закревский катышып, ал энергиянын кайра жаралуучу булактары менен катар өнүгүүнүн келечектүү багыттарынын тизмегине суутек жана атом энергетикасы кирерин баса белгиледи. Евразиялык "бешилтиктин" өлкөлөрүндө бүгүнкү күндө ЭКБнын бардык түрлөрү жигердүү өнүгүүдө, алар салыштырмалуу жаңы – күндүн, шамалдын, деңиз суусунун көтөрүлүшү, геотермалдык булактардын, толкундардын энергиясы жана башкалар, ошондой эле салттуу – гидроэнергетика жана биомассаны пайдалануу менен байланыштуу . Форумдун талааларында баяндамалары менен КМШнын Электрэнергетикалык кеңешинин аткаруу комитетинин, Евразия өнүктүрүү банкынын, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, илимий жана бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү чыгып сүйлөштү. Маалымат 2022-жылы Армения Республикасында жалпы кубаттуулугу 65 МВт-ка чейинки 11 күн электростанциялары пайдаланууга берилген жана алардын курулушун Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) $37 млн суммага каржылаган. Арменияда күн электростанцияларынын дарамети 8 ГВт-ка бааланат. Беларусь Республикасында 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча колдонулган ЭКБ жалпы кубаттуулугу 500 МВт түзгөн, ал эми 2025-жылга карата аны 630 МВт-ка чейин көбөйтүү пландаштырылат. ЭКБ өнүктүрүүнү электрэнергиясын жалпы иштеп чыгуунун 8%на чейин жеткирүү чечими кабыл алынган. Кыргыз Республикасы ЭКБ чөйрөсүндө чоң потенциалга ээ жана ал суу объекттеринде жылына*5 млрд кВтсаатка, күн объекттеринде - жылына*490 млн кВтсаатка жана шамал объекттеринде - жылына 45 млн кВтсаатка бааланат.  Казакстан Республикасында 2021-жылы ЭКБ иштеп чыгуучу электр энергиясынын көлөмү пландык көрсөткүчтөрдөн ашкан. Азыр Казакстанда аныкталган кубаттуулугу 136 2065 МВт-ты түзгөн калыбына келүүчү энергия булагы иштейт: кубаттуулугу 684 МВт түзгөн 40 шамал электр станциялары; кубаттуулугу 1093 МВт түзгөн 51 күн электр станциялары; кубаттуулугу 280 МВт түзгөн 40 гидроэлектростанциялары; кубаттуулугу МВт түзгөн 5 8 биоэлектростанциялары. 2021-жылы жалпы кубаттуулугу 393 МВт түзгөн 19 объект пайдаланууга берилген. Россия Федерациясында 2021-жылы дүң жана чекене рыноктордо ЭКБны киргизүүнүн жалпы көлөмү 1217 МВт түзгөн. 2021-жылдын IV кварталында эле Россияда ЭКБ-генерациянын 12 жаңы объектилери пайда болгон: 8 шамал электр станциялары жана төрт күн электр станциялары. ЭКБ-генерациянын кубаттуулугу 656,4 МВт-ка көбөйгөн. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча ЭКБ-генерациянын объектилери 5,2 млрд кВт*сааттан ашык электр энергиясын иштеп чыгышты.
03 Mar 2023 Арзыбек Кожошев: "Евразиялык тармактык университеттин түзүлүүсү ЕАЭБдин эмгек рыногуна оң таасирин тийгизет" Евразия тармактык университетинин (ЕТУ) түзүлүүсү жана анын ЕАЭБдин жалпы рыногу үчүн кадрларды кесиптик даярдоого багытталгандыгы "эмгек ресурстар рыногунун түзүлүшүнө, кесипкөйлүктүн жогорулашына жана жалпысынан биздин өлкөлөрдүн өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет". Бул туурасында ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев 3-мартта Евразия тармактык университетинин биринчи Форумунда чыгып сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Билим берүү чөйрөсүндө кызматташтык 2025-жылга чейин ЕАЭБдин өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттарына кирет. 2022-жылы ЕАЭБдин органдарында төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Евразия тармактык университетин түзүү боюнча демилгеси илимий-билим берүү коомдоштугунун кеңири колдоосун алган. ЕТУнун башкы максаттарынын катарында — бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү, Евразия экономикалык бирлигинин адамдык жана интеллектуалдык капиталын өнүктүрүү. Форумдун катышуучулары ЕТУну өнүктүрүү идеялары менен бөлүштү. Форумга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын жетекчилери, Евразия экономикалык комиссиясынын, мамлекеттик органдардын жана илимий-билим берүү коомдоштугунун өкүлдөрү чогулушту. Маалымат Евразия тармактык университетин түзүү боюнча Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 2022-жылдын 25-майында Бишкекте Евразия экономикалык форумунун талааларында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдыңкы жождорунун ректорлору кол коюшкан. ЕТУ максаты — билим берүү чөйрөсүндө тоскоолдуксуз чөйрөнү этап-этабы менен калыптандыруу. ЕТУ алыстан билим берүү технологияларын пайдалануу менен квалификациялуу кадрларды даярдоо, илимий изилдөөлөрдү жана иштелмелерди уюштуруу, евразиялык интеграциянын баалуулуктары духунда жаштардын жеке өсүшүн демилгелөө жана башка багыттар менен алектениши болжолдонууда. Евразия тармактык университети юридикалык жакты түзбөстөн, илимий-билим берүү консорциуму катары түзүлгөн. ЕТУнун түзүмдүк бөлүмдөрү конкреттүү жогорку окуу жайларына — меморандумдун катышуучуларына бекитилген. ЕТУнун координациялык кеңешинин төрагасы болуп россиялык Мамлекеттик башкаруу университетинин ректору, профессор Владимир Строев шайланган.
02 Mar 2023 ЕЭКте аба транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн жалпы рыногун түзүү боюнча концептуалдуу мамилелерди талкуулашты 1-мартта Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев аба транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн жалпы рыногун түзүү боюнча концептуалдуу мамилелерди Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жарандык авиация маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин орун басарлары менен талкуулады. Кеңешменин катышуучулары ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин 2021-2023-жылдарга аба транспорту жаатында координацияланган (макулдашылган) транспорт саясатын ишке ашыруунун негизги багыттарын жана этаптарын ишке ашыруу боюнча жол картасынын аткарылышын карап чыгышты. Жолугушуунун жүрүшүндө мыйзамдарды шайкеш келтирүү, адилеттүү жана ак ниет атаандаштыкты камсыздоо, ошондой эле Бирликтин алкагында аба транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн жалпы рыногун түзүү жана иштетүү боюнча эл аралык келишимди иштеп чыгуунун жана түзүүнүн максатка ылайыктуулугу маселелери козголду. ЕАЭБ органдарынын ушул жылы кабыл алууга пландаштырылган тийиштүү актыларынын долбоорлору каралды. Тараптар аба транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн жалпы рыногун баскычтар боюнча биргелешкен күч-аракеттерди координациялоого даярдыктарын тастыкташты.
Дагы көрсөтүү

Темасындагы чечимдер «Энергетика жана инфраструктура»

43
28.03.2023 Решение Коллегии ЕЭК №43 Об утверждении Порядка прослеживаемости партий подкарантинной продукции (подкарантинных грузов, подкарантинных материалов, подкарантинных товаров), ввозимой на таможенную территорию Евразийского экономического союза и перемещаемой по таможенной территории Евразийского экономического союза
42
28.03.2023 Решение Коллегии ЕЭК №42 О внесении изменений в Решение Коллегии Евразийской экономической комиссии от 22 сентября 2015 г. № 122
41
28.03.2023 Решение Коллегии ЕЭК №41 Об утверждении Методологии квалификации препятствий на внутреннем рынке Евразийского экономического союза и признания барьеров и ограничений устраненными
40
28.03.2023 Решение Коллегии ЕЭК №40 О структуре уникального номера перевозки объектов отслеживания, осуществляемой с применением навигационных пломб
39
28.03.2023 Решение Коллегии ЕЭК №39 О внесении изменения в Решение Коллегии Евразийской экономической комиссии от 24 ноября 2020 г. № 149

Ченемдик документтер

21 2016 ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча Адамкул Жунусовдун “Звязда” гезитине берген интервьюсу: “ЕАЭБтин мунай боюнча жалпы рыногун түзүү мөөнөттөрү кыскартылышы мүмкүн” Евразия биримдигин түзүү - эң оболу экономикалык кадам. Жалпы рыноктор туура түзүлсө, алар катышуучу өлкөлөргө жалгыз болгондо мындай пайда жөнүндө кеп болушу да мүмкүн эмес болгон олуттуу пайда алып келе алат. Мисалы, ЕАЭБ алкагында мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыногун түзүүдөн суммардык натыйжа беш жылдын аралыгында 5-8 миллиард долларды түзөт. Бул Россия илимдер академиясынын Экономикалык стратегиялар институтунун изилдөөлөрүнүн маалыматтары боюнча. Дал ушул изилдөөлөргө таянуу менен ЕАЭБ Мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыногун түзүү концепциясынын долбоору иштелип чыгарылып, ал ушул жылы Биримдиктин өкмөттөр аралык кеңеши тарабынан кабыл алынган. Аларды түзүүнүн акыркы мөөнөтү - 2025-жылдын 1-январы. Дагы дээрлик 10 жыл бар. Бирок бул процессти тездетүүгө болобу? Атайын “СЕ” үчүн бул суроого Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Адамкул Жунусов жооп берет.
0/0