Кожошев Арзыбек Орозбекович

Кожошев Арзыбек Орозбекович
Өмүр баян

1968-жылдын 25-июнунда Ош шаарында төрөлгөн, Кыргыз Республикасы.

1994-жылы Ош мамлекеттик университетин "экономикалык география" адистиги боюнча аяктаган.

1999-жылы Кыргыз Республикасынын УИАнын Экономикалык изилдөөлөр институтунун аспирантурасын аяктаган.

2000-жылы Кыргыз улуттук университетин "бухгалтердик эсеп жана аудит" адистиги боюнча аяктаган.

2011-жылы кандидаттык диссертациясын, ал эми 2017-жылы – "экономика жана эл чарбасын башкаруу" адистиги боюнча доктордук диссертациясын жактаган.

2017-2018-жылдары – М. Рыскулбеков атындагы КЭУнун профессору.

1996-жылдан 2007-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинде ар түрдүү кызматтарда, анын ичинде Кыргыз Республикасынын каржы министринин орун басары кызматында иштеген.

2007-2015-жылдары – Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары.

2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

2015-2017-жылдары – Кыргыз Республикасынын экономика министри. Россия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун Кеңешинин төрагасынын орун басары.

2017-2019-жылдарда – Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун кеңешчиси.

2019-2021-жылдар аралыгында – Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы.

2021-жылдын октябрынан тарта – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен 2022-жылдын 20-июлунан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри болуп дайындалган.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен 2024-жылдын 1-февралынан тарта кайрадан Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура министри болуп дайындалган.