Барсегян Гоар Ашотовна
Ереван шаарында төрөлгөн, Армения Республикасы.
Ереван мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетин аяктап, "эл аралык мамилелер" адистиги боюнча бакалавр даражасын (2007-жыл) жана "эл аралык укук" адистиги боюнча магистр даражасын (2009-жыл) алган.
2011-жылы Вена Дипломатиялык академиясын (Австрия) аяктаган.
2009-2014-жылдары Армения Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Тышкы байланыштар департаментинде иштеген. Армения-Россия мамилелерин координациялоого жооптуу болгон, Армения Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине кошулуусу маселелери боюнча жумушчу топтун курамына киргизилген.
2014-2015-жылдарда – Армения Республикасындагы Адамдын укуктары боюнча ыйгарым укуктуунун Аппаратынын Тышкы байланыштар департаментинин директорунун орун басары.
2015-жылдан 2016-жылга чейин – Армения Республикасынын Эл аралык экономикалык интеграция жана реформалар министрлигинде кеңешчиси, ал жерде Армения Республикасынын ЕАЭБ менен өз ара аракеттенүүсү боюнча иштерди координациялоого жооптуу болгон.
2016-2017-жылдары – Армения Республикасынын Вице-премьер-министринин, эл аралык экономикалык интеграция жана реформалар министринин жардамчысы, Армения Республикасынын ЕАЭБ маселелери боюнча улуттук координатору.
2017-жылдан 2020-жылга чейин – Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары.
2020-жылдан 2024-жылга чейин – Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору.
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен 2024-жылдын 1-февралынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри болуп дайындалган.