Өзгөртүүлөрдө төмөнкүлөр каралат:
- нан жана макарон азыктарын, чай продукциясын, нан бышыруу унун идентификациялоого карата бирдиктүү мамилелер үчүн мамлекеттер аралык жана улуттук стандарттардын тизмектерин толуктоо, ошондой эле жөнгө салуу объекттеринин патогендик микроорганизмдерди, ботулиндик токсиндерди, микотоксиндерди жана тамак-аш продукциясындагы антибиотиктерди аныктоо ыкмаларына карата техрегламенттин талаптарына шайкештикти баалоодо изилдөөлөр үчүн колдонулуучу мамлекеттер аралык стандарттар жана методикалар менен толуктоо;
- стандарттарды жана методикаларды актуалдаштырылган редакциясында баяндоо (анын ичинде мамлекеттер аралык стандарттарды, Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттарын, өлчөөлөрдү аткаруу методикаларын);
– колдонуу мөөнөттөрү боюнча белгиленген чектөөлөргө байланыштуу айрым позицияларды алып салуу (анын ичинде алардын колдонуу мөөнөтү аяктагандыгына жана азыркы учурда мамлекеттер аралык стандарттардын болушуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттары).
Маалымкат
"Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентке карата (ББ ТР 021/2011) стандарттардын тизмегине өзгөртүүлөр Комиссиянын Коллегиясынын 2022-жылдын 14-июнундагы № 93 жана 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 122 чечимдери менен киргизилген.