Жаңылыктар

24.10.2019

ЕЭК жана Африка бирлигинин Комиссиясы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту

24-октябрда Сочиде болуп өткөн "Россия – Африка" саммитинин алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Африка бирлигинин Комиссиясынын (АБК) ортосунда экономикалык кызматташтык жаатындагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документке ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана АБКнын Төрагасы Муса Факи Махамат кол коюшту. 24-октябрда Сочиде болуп өткөн "Россия – Африка" саммитинин алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Африка бирлигинин Комиссиясынын (АБК) ортосунда экономикалык кызматташтык жаатындагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документке ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана АБКнын Төрагасы Муса Факи Махамат кол коюшту. Кол коюу аземинде Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин жана Египет Араб Республикасынын Президенти, Африка бирлигинин Төрагасы Абдель Фаттах Аль-Сиси катышышты. Тараптар инфраструктура жана айыл чарбачылыгы, соода, инвестициялар жана ишкердикти өнүктүрүү, регионалдык экономикалык интеграция жаатында жана өз ара кызыкчылыкка ээ болгон башка багыттарда өз ара аракеттенүүнү көздөшүүдө. Меморандумга ылайык, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Африканын ишкердик коомдоштуктары үчүн иш-чараларга басым жасоо менен, кызматташтыктын биргелешкен планы иштелип чыкмакчы."Биз Африканын интеграциялык бирикмелери менен өз ара аракеттенүүнү жолго коюуга умтулуудабыз. Африканын регионалдык уюмдарынын жетекчилери жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы менен жолугушууда Африканын интеграциялык түзүмдөрүнүн жана Евразия экономикалык бирлигинин ортосундагы кызматташтыктын перспективалары талкууланды. Жаңы эле Евразия экономикалык комиссиясынын жана Африка бирлигинин Комиссиясынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү мындан ары да активдүү өрчүтүүнү көздөйбүз", – деп Владимир Путин документке кол коюунун жыйынтыктары боюнча билдирди. Меморандумду түзүү идеясы ЕЭКке Африка бирлигиндеги өнөктөштөр тарабынан 2016-жылы сунуш кылынган. 2019-жылда Африка мамлекеттеринин Россиядагы 35 ашуун элчиликтеринин катышуусу менен өткөрүлгөн "ЕАЭБ – Африка" конференциясынын, ошондой эле ЕЭКтин делегациясынын Африка бирлигинин Комиссиясынын штаб-квартирасына сапарынын аркасында меморандумду макулдашуу процессине жаңы импульс берүүгө мүмкүн болду. ЕЭК регионалдык интеграциялык бирикмелер менен, анын ичинде АСЕАН, МЕРКОСУР, Анд коомдоштугу, ошондой эле бир катар профилдик эл аралык түзүмдөр менен диалогду ырааттуулук менен өнүктүрүүдө. Африка бирлиги менен Меморандум ЕАЭБдин регионалдык интеграциялык бирикмелер менен эл аралык байланыштарын өнүктүрүүнүн маанилүү баскычы болуп калды.МаалыматАфрика бирлиги – калкынын саны дээрлик 1 миллиард адамды түзгөн, Африканын 55 мамлекетин бириктирген эл аралык мамлекеттер аралык уюм. Африка бирлигинин Комиссиясы анын ыйгарым укуктуу органы болуп саналат жана Эфиопиянын борбор шаары Аддис-Абебада жайгашкан.ЕАЭБдин Африка мамлекеттери менен товар жүгүртүүсү 2010-жылдан бери дээрлик 2,7 эсеге өсүп, 2018-жылдын жыйынтыктары боюнча 21,7 млрд долларды түздү. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Африкага экспортунун 80% көп бөлүгү беш өлкөгө туура келет: Алжир, Египет, Марокко, Нигерия жана Туниске.ЕЭК меморандумдар форматында ондон ашуун өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен өз ара аракеттенет: Чили, Перу, Монголия, Сингапур, Камбоджа, Марокко, Иордания, Фарер аралдары, Куба, Таиланд, Бангладеш жана Молдавиянын, ошондой эле Грециянын өкмөтү менен – декларация форматында.​