Жаңылыктар

12.09.2022 (Обновлено: 23.09.2022 10:55)

ЕАЭБде интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү укук бузуулардын 91,5%ын товардык белгилерди мыйзамсыз пайдалануу жаатындагы укук бузуулар түзөт

Бул тууралуу экономика жана каржы саясаты боюнча Министр Бакытжан Сагинтаев интеллектуалдык менчик боюнча консультативдик комитеттин отурумунун жүрүшүндө билдирди. Бул маалыматтар ЕЭКтин ЕАЭБде интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо чөйрөсүндөгү укук колдонулуучу иш-тажрыйбанын абалы жөнүндө 2021-жыл үчүн ар жылдык отчётунда келтирилген.


"2021-жылда ЕАЭБде аныкталган контрафакттык товарлардын көлөмү 33%га өсүп, 18,2 млн чамасындай бирдикти түздү. Ошону менен бирге, 2020-жылда жалпысынан ЕАЭБ боюнча контрафакттын деңгээлинин азайышына карай тенденция 2021-жылда пандемияга байланыштуу пайда болгон чектөөлөрдүн жоюлгандыгынан улам өсүшкө өттү", –деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев.

Ошондой эле, консультативдик комитеттин отурумунун катышуучулары мажбурлуу лицензиялоо механизмин колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

"COVID-19 пандемиясынын фонунда өлкөлөрүбүздүн калкын дары-дармек препараттары менен камсыз кылуу зарыл болгон шарттарда бул механизм өзгөчө актуалдуу болууда", – деп Бакытжан Сагинтаев баса белгиледи.

Мындан сырткары, 2020-жылдын 3-февралындагы Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана ЕАЭБ товарларынын чыгарылган жеринин аталыштары жөнүндө келишимди

жана ЕАЭБде корголуучу өнөр жай менчик объектилери жөнүндө маалыматтарды онлайн режимде издөөгө мүмкүндүк берген сервистерди ишке ашыруу маселелери каралды.

ЕАЭБ мамлекеттеринде контрафакттык продукцияны аныктоо боюнча кабыл алынып жаткан чаралардын натыйжаларын эсепке алууга карата ар түрдүү мамилелердин болушуна байланыштуу отурумдун катышуучулары тийиштүү усулду даярдоонун максатка ылайыктуулугун талкуулашты.


Маалымат

Интеллектуалдык менчик боюнча консультативдик комитет 2012-жылдын 25-сентябрында түзүлгөн. Комитеттин курамына ЕАЭБ мамлекеттеринин министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери, жетекчилердин орун басарлары жана бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрү кирет.

Комитет ЕЭК үчүн интеллектуалдык менчик жаатындагы сунуштамаларды даярдоо, консультацияларды өткөрүү, ЕАЭБ мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара аракеттенүүсү боюнча сунуштарды даярдоо жана башка маселелер менен алектенет.