Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев жана Казакстан Республикасынын энергетика министри Болат Акчулаков жумушчу жолугушуусунда ЕАЭБдин энергетикалык ресурстарынын жалпы рынокторун түзүү маселелерин талкуулашты. Сүйлөшүүлөр 8-сентябрда Нур-Султанда (Казакстан Республикасы) болуп өттү.
Арзыбек Кожошев жалпы энергетика рынокторунун жөнгө салынбаган маселелери боюнча өз ара кабыл алына турган чечимдери биргеликте талкуулоо жана иштеп чыгуу зарылчылыгын белгиледи. "Мында Евразия "бешилтигинин" бардык өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарынын теңдемин сактоо абдан маанилүү", – деп белгиледи ал.
Министрлер Бирликтин мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыногундагы мамлекеттер аралык ташуулар маселесин предметтик түрдө талкуулашты. Анын маанилүүлүгү мунай жана мунай өнүмдөрүн чек ара аралык ташуунун өзгөчүлүгү менен шартталган, бул Бирликтин башка мүчө мамлекеттери менен жалпы чек аралары жок болгон Армения Республикасы үчүн өзгөчө актуалдуу.
Мындан сырткары, министрлер чарба жүргүзүүчү субъектилердин газ үчүн эсеп-кысаптарында улуттук валюталарды колдонуу мүмкүнчүлүгүнө, Бирликтин жалпы газ рыногунун алкагында ыктыярдуу негиздеги "ал же төлө", "ташы же төлө", биринчи кезекте өзүнүн жеке газ ресурстарын пайдалануу принциптеринин болуу мүмкүнчүлүгүнө, ошондой эле документтерди жүгүртүүгө байланыштуу Бирликтин жалпы газ рыногун түзүүнүн принципиалдуу маселелерин талкуулоону улантышты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Бирликтин жалпы электр энергия рыногунда аларга электр энергиясы менен мөөнөттүү контракттар боюнча жана бир сутка мурда борборлоштурулган соода жүргүзүүнү уюштуруу тапшырылуучу соода аянтчаларын (операторлорду) тандоо боюнча пикир алмашуу орун алды.
Кеңешме Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 23-сентябрда Москвада болуп өтүүчү отурумуна даярдык көрүүнүн алкагында өткөрүлдү. Анда мунай жана газ боюнча эл аралык келишимдерди даярдоо маселелерин карап чыгуу, ошондой эле электр энергиясы менен борборлоштурулган соода жүргүзүүнүн операторлорун аныктоо пландаштырылууда.
Ошондой эле, иш сапардын алкагында Арзыбек Кожошев жана Энергетика департаментинин директору Вадим Закревский "Казакстан электр энергия жана кубаттуулук рыногунун оператору" акционердик коомуна барышып, ал жерде Казакстанда электр энергиясы менен борборлоштурулган соода жүргүзүүнүн принциптери менен таанышышты. Республика бул соода аянтчасын ЕАЭБдин жалпы электр энергия рыногундагы борборлоштурулган сооданын оператору катары сунуш кылды.