28-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев менен Тунис Республикасынын соода жана экспортту өнүктүрүү министри Самир Абиддин жолугушуусу болуп өттү.
"Евразия экономикалык бирлиги Африка менен өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүгө чоң көңүл бурат жана региондогу преференциалдык соода режими орнотулган өлкөлөрдүн санын кеңейтүүдө перспективаларды көрөт. Тунис Республикасын биздин мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө маани берүү менен артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири катары карайбыз", – деп белгиледи Андрей Слепнев.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар ЕАЭБдин жана Тунистин ортосунда эркин соода жөнүндө келишим түзүүнүн максатка ылайыктуулугун изилдөө үчүн биргелешкен изилдөө тобун түзүү процессин демилгелөөнү макулдашышты.