Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепневдун Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык бирлиги менен мамилелерди өнүктүрүүгө жооптуу министри Ненад Попович менен жолугушуусу болуп, анын жүрүшүндө тараптар ЕАЭБ менен Сербиянын ортосундагы Эркин соода аймагы жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча пландарды талкуулашты.
Ненад Попович Андрей Слепневге Макулдашууну имплементациялоо боюнча жумушчу орган – Биргелешкен комитеттин сербиялык тараптан теңтөрагасы болуп дайындалгандыгы жөнүндө маалымдады. ЕЭКтин соода боюнча министри бул комитетти Евразия экономикалык бирлиги жана анын мүчө мамлекеттери тарабынан жетектейт. Маектештер комитеттин биринчи отурумун үстүбүздөгү жылдын аягында жана кийинки жылдын башында өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карашты.