Жаңылыктар

25.08.2022 (Обновлено: 01.09.2022 10:14)

Андрей Слепнев: "Иран менен эркин соодалашуу жөнүндө толук форматтуу келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы сентябрдын аягында Москвада өтөт"

Мындай чечим Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министринин Ирандын өнөр жай, шахталар жана соода министринин орун басары, Ирандын Соодага көмөктөшүү боюнча уюмунун жетекчиси Алиреза Пейманпак менен, ЕЭКтин аянтчасында болуп өткөн жолугушуусунун жүрүшүндө макулдашылган.

Маектештер Евразия экономикалык бирлигинин жана Ислам Республикасынын соода-экономикалык кызматташтыгынын жетишилген деңгээлин жогору баалашты.

Алиреза Пейманпак Ирандын аймагы аркылуу "Түндүк – Түштүк" багытында товарлардын өз ара соодасынын жана транзитинин өсүшү быйыл дээрлик 50%ды түзгөндүгүн белгилеп өттү.

Андрей Слепневдун пикири боюнча, учурдагы шарттарда улуттук валюталарда эсептешүүгө өтүүдөгү олуттуу прогресс өзгөчө маанилүү. "Акыркы убактагы негизги жетишкендик - "рубль-риал" валюталык жупта соодалашуу башталгандыгы болуп саналат , - деп баса белгиледи министр.
Тараптар келечектеги макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн андан аркы графигин белгилешти. "Биз тарифтик бөлүктөгү олуттуу прогресске ишенебиз, бул сүйлөшүү процессинин жыйынтыктоочу баскычын жакындатууга мүмкүндүк берет", - деп жыйынтыктады Андрей Слепнев.

Маалымат

 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы товар жүгүртүү 2020-жылга салыштырмалуу 73%га өсүп, 5 млрд АКШ долларынан ашкан. Ошол эле учурда мүчө мамлекеттердин экспорту 2 эседен ашык өсүп (1,65 миллиарддан 3,42 миллиард АКШ долларына чейин), ал эми импорт 29%га (1,25 миллиарддан 1,6 миллиард долларга чейин) жогорулаган.