Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепневдун Астанага иш сапары болуп өттү, анын негизги окуялары Казакстан Республикасынын бизнес-коомдоштугунун өкүлдөрү, ошондой эле ЕЭК Кеңешинин мүчөсү, Казакстан Республикасынын премьер-министринин орун басары Серик Жумангарин жана соода жана интеграция министри Арман Шаккалиев менен жолугушуулар болду.
"Атамекен" улуттук ишкерлер палатасында өткөн иш-чаранын алкагында Андрей Слепнев тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу, товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркировкалоо, ошондой эле Бирликтеги ички соодага тиешелүү суроолорго жооп берди. "Атамекен" УИП төрагасы Раимбек Баталов менен жолугушуу болуп өттү.
Казакстан Республикасынын бийлик органдарынын жетекчилери менен консультациялар Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу күн тартибине арналды.
"ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жетекчилиги менен бетме-бет жолугушуулар жана бизнес менен жандуу баарлашуу, албетте, биздин жалпы интеграциялык күн тартипти илгерилетүүгө өбөлгө түзөт, ишкер коомдоштуктун кызыкчылыктарын талаптагыдай эске алууну камсыздайт", - деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри сапардын жыйынтыктары боюнча.