Жаңылыктар

29.11.2022

КЭРден алынып келген полимер жабуусу бар металлопрокатка демпингге каршы алым кайра иликтөө мезгилине узартылды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы КЭРден алынып келген полимер жабуусу бар металлопрокатка карата демпингге каршы алымды 2023-жылдын 15-сентябрына чейин узартты.

Колдонулуучу чаранын аракетинин мөөнөтү 2023-жылдын 22-январында аякташы керек. Бирок ЕЭКтин Ички рынокту коргоо департаментине демпингге каршы кайта иликтөө жүргүзүү жөнүндө арыз келип түшкөн.

Арызда көрсөтүлгөн маалыматтар, КЭРден алынып келген полимердик жабуусу бар металлопрокаттын демпингдик импортун улантуу жана Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин экономикасынын тармагына зыян келтирүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө алдын ала корутунду жасоого мүмкүндүк берди. ЕЭКтин соода блогунда белгилешкендей, арызды кароонун жыйынтыктары боюнча ушул жылдын 16-сентябрында демпингге каршы иликтөө кайрадан башталган.

ЕАЭБдин ченемдик базасында аракеттеги демпингге каршы чараны колдонуу мөөнөтүн кайта иликтөөнү жүргүзүү мезгилине узартуу каралган, ал эми аталган кайта иликтөө ал башталган күндөн тарта 12 айдын ичинде аякталууга тийиш.

Маалымат

ЕАЭБдин бажы аймагына алынып келүүчү, КЭРден полимердик жабуусу бар металлпрокатка карата демпингге каршы алым Евразия экономикалык комиссиясынын 2012-жылдын 24-майындагы № 49 чечими менен аныкталган. ЕЭК Коллегиясынын 2018-жылдын 23-январындагы № 14 чечими менен чаранын аракети узартылган. Демпингге каршы алымдын чендеринин өлчөмдөрү азыркы учурда өндүрүүчү-ишканага жараша бажы наркынын 6,98%дан 20,20%га чейинкисин түзөт.