Евразия экономикалык бирлигинде органикалык продукциянын жалпы рыногун түзүү жөнүндө Евразия экономикалык бирлигинин Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Армен Арутюнян Россия Федерациясынын Айыл чарба министрлиги тарабынан "Алтын күз" россиялык агроөнөр жай көргөзмөсүнүн аянтчасында уюштурулган "Органикалык продукцияны өндүрүүнү өнүктүрүү стратегиясы" панелдик дискуссиясынын алкагында айтып берди.
ЕЭК өкүлү Бирлик өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары тарабынан ЕАЭБ алкагында эл аралык келишимди иштеп чыгууну камтыган тиешелүү жол картасы бекитилгенин билдирди. Бул макулдашуу органикалык продукциянын эркин жылышынын принциптерин, ошондой эле мындай продукцияны үчүнчү өлкөлөрдөн ЕАЭБдин жалпы рыногуна импорттоону жөнгө салууга карата мамилелерди, органикалык продукцияны өндүрүүгө, сертификаттоого жана маркалоого карата бирдиктүү талаптарды, органикалык продукцияны жүгүртүү жана анын статистикалык эсебин жүргүзүү чөйрөсүндөгү маалымат тутумунун жалпы параметрлерин аныктайт.
Макулдашуунун долбоору ЕЭК тарабынан мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен биргеликте иштелип чыккан, ал эми анын жоболору Алиментариус кодексинин CAC/GL 32-1999 "Органикалык тамак-аш азыктарын өндүрүү, кайра иштетүү, маркалоо жана сатуу үчүн колдонмо" жалпы максаттарына жана талаптарына ылайык келет. Азыр макулдашуунун долбоорун мамлекеттик ички макулдашуу аяктап жатат жана жакын арада документ кол коюуга даяр болот.
Армен Арутюнян Бирлик мамлекеттеринде органикалык өндүрүштүн өнүгүүсүнүн жогорку динамикасын белгиледи, бул жалпы дүйнөлүк тренддерге ылайык келет. Буга байланыштуу сертификаттоо органдарынын өнүккөн тармагын, өндүрүүчүлөрдүн муктаждыктары үчүн электрондук ресурстарды камтыган зарыл инфраструктураны түзүүнү камсыздоочу дем берүүчү чаралар зарыл.
"Бирликте органикалык продукцияны өндүрүүнү көбөйтүү үчүн потенциал бар экендиги айкын жана биз мунун үстүндө органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча комплекстүү мамлекеттик саясаттын алкагында иштешибиз керек. ЕАЭБ алкагында бирдиктүү рынокту түзүү Бирликтин органикалык секторун өнүктүрүүгө кошумча импульс берет", - деп баса белгиледи ЕЭК өкүлү.
ЕЭК Департаментинин өкүлү Комиссиянын эксперттери тарабынан даярдалган, органикалык продукциянын глобалдык рыногунун тенденциялары жана келечеги, алдыңкы өндүрүүчү өлкөлөрдө жана ЕАЭБ мамлекеттеринде секторду өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматты, ошондой эле Бирликтин өлкөлөрүнө айыл чарбасынын бул секторун мамлекеттик колдоо боюнча сунуштамаларды камтыган Органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоонун эл аралык тажрыйбасына сереп жөнүндө айтып берди.
Армен Арутюнян бул чөйрөдө квалификациялуу кадрларды даярдоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, ЕАЭБ мамлекеттери үчүн органикалык продукцияны өндүрүү маселелери боюнча 2021-жылы кол коюлган Бирлик өлкөлөрүнүн өнөр жай жана АӨК үчүн кадрларды даярдоо чөйрөсүндө өз ара иштешүүсүн өнүктүрүү боюнча меморандумдун алкагында биргелешкен билим берүү курсун уюштурууну сунуштады.
"Бүгүнкү күндө Комиссия Серепте сунушталган органикалык продукцияны өндүрүүнү өнүктүрүүнү колдоонун бир катар инструменттери стратегиялык мүнөздөгү улуттук документтерге киргизилгендигин канааттануу менен белгилейт", – деп жыйынтыктады Армен Арутюнян.