17-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошевдин жана Россия Федерациясынын транспорт министринин орун басары - статс-катчы Дмитрий Зверевдин жолугушуусу болуп өттү.
Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин 2021-2023-жылдарга координацияланган (макулдашылган) транспорт саясатын ишке ашыруунун Негизги багыттарын жана этаптарын ишке ашыруу боюнча жол картасынын иш-чараларын аткаруунун ар кандай маселелери талкууланды. Атап айтканда, евразиялык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана Бирлик өлкөлөрүнүн жарандык авиация жаатындагы мыйзамдарын шайкеш келтирүү маселелери каралды.
Арзыбек Кожошев 2021-2023-жылдарга жол картасын аткаруу жана ишке ашыруу маселелеринде Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилеринин кеңешинин ролун күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Дмитрий Зверев, өз кезегинде, 2023-жылы Жетекчилер кеңешинде Россиянын төрагалыгын эске алуу менен, Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин координацияланган (макулдашылган) транспорт саясатын ишке ашыруунун Негизги багыттарын жана этаптарын илгерилетүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар мындан аркы кызматташууга жана системалуу диалогго даярдыгын билдиришти.