Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мүчө мамлекеттеринин Координациялык транспорттук кеңешмесинин 44-отурумуна катышты. Иш-чара Москвада "Россия транспорту" эл аралык форумунун жана көргөзмөсүнүн алкагында болуп өттү.
Арзыбек Кожошев белгилегендей, бул аянтча салттуу түрдө транспорт маселелеринде өзөктүү болуп саналат жана жалпы транспорттук мейкиндикти калыптандырууда жана КМШ өлкөлөрүнүн транспорттук комплекстеринин натыйжалуу иштешинде маанилүү ролду ойнойт. ЕЭК министри Комиссия КМШ менен транспорт чөйрөсүндө кызматташтыкты жогору баалаарын баса белгиледи.
Ошону менен бирге, ал ЕАЭБдин биринчи кезектеги милдети болуп негизги түзүүчүлөр: ылдамдык, сактуулук, нарк жана туруктуулук менен өзүн-өзү камсыз кылуучу сервистик инфраструктуранын жана туруктуу транспорттук байланыш технологияларынын негизинде транспорттук коммуникацияларды биргелешип түзүү болуп саналат деп эсептейт.
"ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн артыкчылыгы болуп инфраструктуралык шайкештик, кызматташтыктын тажрыйбасы жана салттары саналат, алар жаңы транзиттик коридорлорду түзүүгө жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн ири рынокторуна биргелешип чыгууга өбөлгө түзүшү мүмкүн", – деп белгиледи ЕЭК министри.Иш-чарага КМШ мамлекеттеринин транспорттук ведомстволорунун жетекчилери катышты, алар эл аралык транспорттук коридорлорду, инфраструктураны жемиштүү өнүктүрүүгө жана Шериктештик өлкөлөрүнүн транспортунун бардык түрлөрү менен ташууларды модернизациялоого багытталган бир катар биргелешкен иш-чараларды карап чыгышты жана талкуулашты.