Энергоресурстардын жалпы рынокторун түзүүнүн актуалдуу маселелерин Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев жана Беларусь Республикасынын энергетика министри Виктор Каранкевич 16-ноябрда Минскте талкуулашты. Кеңешмеге ошондой эле өлкөнүн энергетика тармагындагы "Белэнерго" жана "Белтопгаз" өндүрүштүк бирикмелеринин жетекчилери катышты.
Арзыбек Кожошев Евразия экономикалык бирлигинде иштелип жаткан жалпы энергетикалык рыноктор боюнча актылардын даярдыгынын жогорку деңгээлин баса белгилеп, биргелешкен иштин динамикасына оң баа берди. "Газ чөйрөсүндө чечилүүгө муктаж болуп жаткан пикир келишпестиктерге карабастан, биз көпчүлүк талаш маселелер боюнча пикир келишпестиктерди жоюп, стратегиялык документтерди даярдоо боюнча иштерде бир топ алдыга жылдык", – деп билдирди ал.
Өз кезегинде Виктор Каранкевич энергоресурстардын жалпы рыногун калыптандыруу маселелери боюнча мамилелерди жакындатуунун жана өз ара алгылыктуу чечимдерди иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
"Калган макулдашылбаган маселелерди биз Бирликтин мүчө мамлекеттеринин энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилеринин кеңешинин кезектеги отурумунда кароону пландаштыруудабыз, аны өткөрүү 22-ноябрда пландаштырылган", – деп маалымдады ЕЭК министри.
Тараптар ошондой эле жалпы электр энергетикалык рыноктун укуктук негиздерин калыптандырууда олуттуу жылыштарды белгилешти.
"2023-жыл электр энергиясынын жалпы рыногун түзүүдө жигердүү жыл болду. Өкмөт башчылары Бирлик өлкөлөрүнүн чарбакер субъекттеринин бул рынокто ишмердиги үчүн негиз боло турган, негиз болуучу үч документти бекитишти. Бул документтердин үстүнөн иштөө тараптардын консолидациялангандыгын жана Бирликтин экономикасы жана калкы үчүн эң жакшы натыйжага жетишүүгө багытталгандыгын көрсөттү", – деп белгиледи Арзыбек Кожошев.
Анын жумушчу сапарынын программасынын пункттарынын бири "Мингаз" УИнин объектилерине баруу болду. ЕЭК министри Беларустун газдаштыруу жана атомдук энергетика чөйрөсүндөгү оң тажрыйбасын белгилеп, атомду тынчтык максаттарда колдонуу евразиялык интеграцияны тереңдетүүнүн келечектүү багыттарынын бири болуп саналаарын баса белгиледи.
Арзыбек Кожошев жана Виктор Каранкевич жолугушуунун оң натыйжаларын белгилеп, энергетикалык тректе өз ара иштешүүнү улантууну макулдашышты.