20-ноябрда ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев Казакстандын KAZLOGISTICS транспортчулар бирлигинин башкы директору Канат Альмагамбетов жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга ЕЭКтин Транспорт жана инфраструктура департаментинин директору Рустан Дженалинов дагы катышты.
Автомобиль, темир жол, суу жана аба транспортун, мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү маселелери талкууланды жана алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар иштеп чыгарылды.
"ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук өзгөчөлүктөрүн бириктирүү жана транспорт ишинин мыкты тажрыйбаларын жайылтуу синергетикалык натыйжага жетишүүгө жана транспорт тармагынын кошумча резервдерин ачууга жардам берет", – деп белгиледи Арзыбек Кожошев.
Жолугушуунун катышуучулары учурдун негизги чакырыктарынын бири болуп евразия мейкиндигинде идеалдуу шартта тоскоолдуктарсыз жана технологиялык чектөөлөрсүз ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштеген транспорттук-логистикалык комплексти түзүү саналарын баса белгилешти.
Арзыбек Кожошев 1-октябрда Ереванда ЕӨАК отурумунда бекитилген 2024-2026-жылдарга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорт саясаты чөйрөсүндө жол картасын практикалык жүзөгө ашыруу үчүн, Комиссиянын потенциалын транспорттук ведомстволор, ассоциациялар, илимий уюмдар жана бизнес-коомдоштук менен бириктирүү зарылдыгына көңүл бурду.
"Бул документ көрсөтүлгөн мезгилге карата ЕАЭБ транспорттук комплексин комплекстүү өнүктүрүүнүн негизги программасы болуп саналат, аны ишке ашыруудан көп жагынан анын иштешинин тең салмактуулугу жана туруктуулугу көз каранды", – деп белгиледи Арзыбек Кожошев.
ЕЭК министри Комиссиянын аянтчасында өлкөлүк демилгелерди тереңирээк изилдөө жана тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн темир жол администрацияларынын жетекчилеринен турган диалог аянтчасын түзүү зарылдыгын белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча ЕАЭБдин туруктуу жана натыйжалуу иштеген транспорт тутумун түзүүгө багытталган кызматташтыкты улантуу макулдашылды.