Жаңылыктар

03.03.2023 (Обновлено: 07.03.2023 16:32)

Арзыбек Кожошев: "Евразиялык тармактык университеттин түзүлүүсү ЕАЭБдин эмгек рыногуна оң таасирин тийгизет"

Евразия тармактык университетинин (ЕТУ) түзүлүүсү жана анын ЕАЭБдин жалпы рыногу үчүн кадрларды кесиптик даярдоого багытталгандыгы "эмгек ресурстар рыногунун түзүлүшүнө, кесипкөйлүктүн жогорулашына жана жалпысынан биздин өлкөлөрдүн өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет". Бул туурасында ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев 3-мартта Евразия тармактык университетинин биринчи Форумунда чыгып сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Билим берүү чөйрөсүндө кызматташтык 2025-жылга чейин ЕАЭБдин өнүгүүсүнүн стратегиялык багыттарына кирет. 2022-жылы ЕАЭБдин органдарында төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Евразия тармактык университетин түзүү боюнча демилгеси илимий-билим берүү коомдоштугунун кеңири колдоосун алган.

ЕТУнун башкы максаттарынын катарында — бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү, Евразия экономикалык бирлигинин адамдык жана интеллектуалдык капиталын өнүктүрүү.

Форумдун катышуучулары ЕТУну өнүктүрүү идеялары менен бөлүштү. Форумга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын жетекчилери, Евразия экономикалык комиссиясынын, мамлекеттик органдардын жана илимий-билим берүү коомдоштугунун өкүлдөрү чогулушту.

Маалымат

Евразия тармактык университетин түзүү боюнча Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 2022-жылдын 25-майында Бишкекте Евразия экономикалык форумунун талааларында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдыңкы жождорунун ректорлору кол коюшкан. ЕТУ максаты — билим берүү чөйрөсүндө тоскоолдуксуз чөйрөнү этап-этабы менен калыптандыруу. ЕТУ алыстан билим берүү технологияларын пайдалануу менен квалификациялуу кадрларды даярдоо, илимий изилдөөлөрдү жана иштелмелерди уюштуруу, евразиялык интеграциянын баалуулуктары духунда жаштардын жеке өсүшүн демилгелөө жана башка багыттар менен алектениши болжолдонууда.

Евразия тармактык университети юридикалык жакты түзбөстөн, илимий-билим берүү консорциуму катары түзүлгөн. ЕТУнун түзүмдүк бөлүмдөрү конкреттүү жогорку окуу жайларына — меморандумдун катышуучуларына бекитилген.

ЕТУнун координациялык кеңешинин төрагасы болуп россиялык Мамлекеттик башкаруу университетинин ректору, профессор Владимир Строев шайланган.