Бишкекте өткөн "ЕКПА 2024" эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнүн алкагында пленардык дискуссиянын катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүүнүн механизмдерин, ошондой эле эл аралык ташуучулардын көйгөйлүү маселелеринин ЕАЭБдин өнүгүү перспективаларына тийгизген таасирин талкуулашты.
Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев өз сөзүндө "фундаменталдык өзгөрүүлөр, жаңы соода рынокторун түзүү жана транспорттук коридорлорду трансформациялоо шарттарында ташуулардын кынтыксыздыгы жана Чоң Евразиянын туруктуу транспорттук-логистикалык каркасын түзүү маселелери өзгөчө мааниге ээ" деп эскертти.
ЕЭК министри баса белгилегендей, кызматташтыктын натыйжалуулугун баалоодо Бирликтин ички рыногундагы тоскоолдуктарды аныктоо жана четтетүү иши негизги аспект болуп саналат.
Учурда транспорт чөйрөсүндө ЕАЭБде иш беш чектөө жана бир алып коюу боюнча жүргүзүлүүдө. Алар, ошондой эле транспорт каражаттарынын чектеги жол берилген салмагынын, октук жүктөмүнүн жана габариттеринин дал келбестигине; ири габариттүү жана оор салмактагы транспорт каражаттарынын кыймылына атайын уруксаттарды тариздөө тартибиндеги айырмачылыктарга; авиациялык кызматтарды мамлекеттик жөнгө салуу ыкмаларындагы айырмачылыктарга; мүчө мамлекеттердин желеги астында кемелердин ички суу жолдору боюнча жүрүү механизминин жоктугуна тиешелүү.
"Транспорттун жолундагы тоскоолдуктарды азайтуу менен биз бара-бара бирдиктүү транспорттук мейкиндикти түзүүгө жана ЕАЭБдеги транспорттук кызматтардын жалпы рыногун түзүүгө карай бара жатабыз", — деп жыйынтыктады Арзыбек Кожошев.