Жаңылыктар

20.11.2023

Арзыбек Кожошев Беларустун Премьер-министринин орун басары Игорь Петришенко менен жолугушту

Евразия экономикалык бирлигинде энергия алып жүрүүчүлөр рыногу жана транспорт менен байланышкан долбоорлорду Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары, ЕЭК Кеңешинин мүчөсү Игорь Петришенко менен талкуулады. Жолугушуу 17-ноябрда Минскте өттү.

Арзыбек Кожошев тескеген багыттары боюнча иштер жөнүндө маалымдады жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорт саясатынын негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча жол картасынын долбоорун даярдоонун жүрүшү жөнүндө маалыматтарды сунуштады. Бул документке 2024-2026-жылдарга карата иш-чаралар киргизилет. Ошондой эле инфраструктуралык өнүктүрүү маселелери, атап айтканда, Бирлик өлкөлөрүнүн транспорт чөйрөсүндө артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу механизмдерин түзүү маселелери козголду.

Тараптар ЕАЭБдин жалпы электр энергия рыногун түзүү долбоору боюнча олуттуу жылыштарды белгилешти. Алсак, буга чейин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин чечимдери менен Бирликтин жалпы электр энергетикалык рыногунун иштөө эрежелеринин үч долбоору бекитилген. Бул электр энергиясын (кубаттуулукту) мамлекеттер аралык берүү боюнча кызматтарга жетүү эрежелери, электр энергиясын өз ара соодалашуу эрежелери жана мамлекеттер аралык кесилиштердин өткөрүү жөндөмдүүлүгүн аныктоо жана бөлүштүрүү эрежелери. Мындан тышкары, соода аянтчалары аныкталып, аларга электр энергиясын мөөнөттүү келишимдер боюнча жана бир сутка алдыга борбордоштуруп сатууну уюштуруу тапшырылган.

"Айрым кыйынчылыктарга карабастан, ЕЭКтин координациялоочу ролу жана Энергетика министрлигинин жигердүү көмөк көрсөтүүсү менен бардык тараптар үчүн алгылыктуу вариантты табууга мүмкүн болду. Кол коюлган документтер жалпы электр энергетикалык рынокту андан ары калыптандырууга кызмат кылат", – деп белгиледи Игорь Петришенко.

ЕЭК министри энергоресурстардын жалпы рынокторун жөнгө салуучу актыларды даярдоонун пландык мөөнөттөрүн аткаруу зарылдыгын баса белгиледи. 

"Евразия экономикалык бирлигинде иштелип жаткан жалпы энергетикалык рыноктор боюнча актылардын даярдыгынын жогорку деңгээлин белгилөөгө болот. Анткен менен күч-аракеттерди энергетикалык рынокторду түзүүнүн макулдашылбаган маселелери боюнча акыркы чечимдерди кабыл алууга багыттоо маанилүү", – деп эсептейт Арзыбек Кожошев.