Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин бөлүм башчысынын орун басары Михаил Юсов Iran Air Show - 2022 Ирандын 11-эл аралык аэрокосмостук көргөзмөсүнүн талааларында болуп өткөн "Жалпы багыттагы авиацияны өнүктүрүүнүн перспективалары жана чакырыктары" тегерек столунда билдирди.
"Ондогон жылдар бою импортту алмаштыруу жана жеткирүү багыттарын диверсификациялоо менен алектенген бул өлкөнүн тармактык адистери менен тажрыйба алмашуу пайдалуу болуп саналат. Бул тажрыйба учурдагы геосаясий шарттарда өз ишмердигин пландаштыруунун татаал милдеттерине туш болгон ЕАЭБ мамлекеттеринин авиа өндүрүүчүлөрүнө пайдалуу болушу мүмкүн", – деди Михаил Юсов.
2022-2023-жылдарга Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө жарандык авиа курулушу тармагында өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүү боюнча жол картасын аткаруунун алкагында Комиссиянын иш тажрыйбасы ирандык мамлекеттик органдарынын жана авиациялык ишканалардын өкүлдөрүнүн чоң кызыгуусун жаратты.
ЕЭК өкүлүнүн сөзү боюнча, бул документте камтылган айрым багыттар боюнча иштер үчүнчү өлкөлөрдү кошуу менен мүмкүн. Биринчи кезекте кеп ушул жылдын октябрь айында бекитилген "Жарандык авиа курулушу" Евразиялык технологиялык платформасы сыяктуу инструмент жөнүндө болууда.
Маалымкат
Iran Air Show Иран эл аралык аэрокосмостук көргөзмөсү 2002-жылдан бери туруктуу негизде өткөрүлүп келет жана биринчи кезекте Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Азия өлкөлөрү менен эл аралык өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүчү негизги аянтча болуп саналат.
Евразия экономикалык бирлигинин ири авиа өндүрүүчүлөрү бул авиасалонго салттуу түрдө катышышат. Алардын катарында - "Бириккен авиациялык курулуш корпорациясы" ААК, Улан-Удэ авиациялык заводу, Казань тик учак заводу, "Россиянын тик учактары" АК, "Кыймылдаткычтарды куруу бириккен корпорациясы" АК, "Алмаз-Антей" АКК Концерни, П.И. Баранов атындагы авиациялык мотор куруу борбордук институту (АМБИ), Урал жарандык авиация заводу (УЖАЗ) ж. б. бар.