Жаңылыктар

14.03.2024

Бахыт Султанов: "ЕЭК ишмердүүлүгү ЕАЭБде ишкердикти жүргүзүү шарттарын туруктуу жакшыртууга багытталган"

14-мартта Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов Америкалык Соода палатасынын 10-конференциясынын пленардык сессиясында евразиялык экономикалык интеграциясынын маселелери боюнча сөз сүйлөдү.

Министр ишкерлерге жана инвесторлорго Комиссиянын бизнес менен өз ара иштешүүсүнүн инструменттери, Евразия экономикалык бирлигинин келишимдик-укуктук базасын өркүндөтүү, өз ара соодада тоскоолдуктарды аныктоо жана четтетүү, инвестициялык жана кооперациялык кызматташтыкты өнүктүрүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун сектордук камтууну кеңейтүү, ЕАЭБдин жалпы каржы рыногун түзүүгө карата мамилелер жөнүндө айтып берди.

Бахыт Султанов быйылкы жылдан баштап Комиссияда жаңы реалдуу инструмент – өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун каржылык өбөлгөлөө пайда болушуна көңүл бурду. Буга байланыштуу ЕЭК министри ишкерлерди долбоорлорду жигердүүрөөк демилгелөөгө жана колдоо чараларын алууга билдирмелерди берүүгө чакырды.

"Комиссия евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстерди өнүктүрүүнүн эсебинен бизнес жүргүзүү үчүн мыкты шарттарды түзүүгө умтулат. Биз ишкердик коомдоштук менен диалогду мындан ары кеңейтүүгө, ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрүн кызыктырган маселелерди биргелешип иштеп чыгууга кызыкдарбыз", – деп белгиледи Бахыт Султанов.

Конференциянын дискуссиялык бөлүгүнүн алкагында ЕЭКтин Ишкердик ишмердикти өнүктүрүү департаментинин директору Ернар Бакенов Америкалык Соода палатасынын өкүлдөрүнүн ЕАЭБде бизнес жүргүзүүгө тиешелүү суроолоруна жооп берди.