Жаңылыктар

19.03.2024

Бахыт Султанов: "ЕЭК чечимдеринин долбоорлорунун бизнес жүргүзүү шарттарына тийгизген таасирине оң баа берүүлөрдүн үлүшү максималдуу деңгээлге жетти"

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Комиссиянын 2023-жылдагы чечимдеринин долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоонун (ЖТБ) жүргүзүлүшүнө мониторинг жөнүндө ар жылдык отчётту карап чыкты.

Орточо алганда, бир чечим долбооруна бизнестен 14төн ашык сунуштары келип түшөт. Бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишкердик коомдоштугунун ЖТБ процедурасына реалдуу суроо-талабын тастыктайт.

"ЖТБ жөнүндө оң корутундулардын үлүшү 98% көрсөткүчкө жетти – бул 2015-жылдан бери мониторинг жүргүзүү мезгилиндеги эң жогорку деңгээл, бул Комиссиянын жөнгө салуучу жигердүүлүгү бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртууга жалпы багытталгандыгын тастыктайт", – деп белгиледи ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов.

Отчетто ошондой эле ЕЭК кабыл алган чечимдердин иш жүзүндөгү таасирине баа берүүнү (ИТБ) киргизүү үчүн, ошондой эле Бирликтин алкагындагы эл аралык келишимдердин долбоорлоруна ЖТБны жайылтуу үчүн ченемдик базанын даярдыгы жөнүндө маалымат берилген. Бул жол-жоболор 2024-жылдын мартында колдонула башталган.

ЖТБ өткөрүүгө мониторинг жүргүзүү жөнүндө жылдык отчет Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кароосуна киргизилет, андан кийин Евразия өкмөттөр аралык кеңешине бекитүү үчүн берилет.

Маалымат

ЖТБ – ЕЭК чечимдеринин долбоорлорунун ишкердик ишмердүүлүктү жүргүзүү шарттарына таасирин баалоо жол-жобосу. Аны жүргүзүүдө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнесинин позициясы эске алынат. ЖТБ жол-жобосу эки баскычтан турат: учурдагы баалоо – ЕЭКтин чечиминин долбоорун ЕАЭБдин сайтында 30 календардык күндөн кем эмес мөөнөттүн ичинде коомдук талкуулоо жана жыйынтыктоочу баалоо – ЖТБ жөнүндө корутундунун ЕЭКтин атайын түзүлгөн жумушчу тобу тарабынан даярдалышы.