Кытай Эл Республикасынын рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалык тарабынан уюштурулган иш-чарага АКШнын, Япониянын, Россиянын, Түштүк Кореянын, Бразилиянын, Европа бирлигинин, ЭКӨУнун атаандаштык ведомстволорунун өкүлдөрү, бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер, трансулуттук компаниялардын өкүлдөрү катышышты.
Форумдун катышуучуларына кайрылуусунда Бахыт Султанов белгилеп өткөндөй, Кытай рекорддук кыска мөөнөттө заманбап, бардыгын камтыган монополияга каршы укукту жана аны колдонуу тутумун түзө алган. Бул Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү үчүн жакшы мисал болушу мүмкүн.
"Кытайда атаандаштыкты өнүктүрүү тутуму бара-бара биз көңүл салып байкап турган мыкты тажрыйбалардын жана экспертизанын маанилүү булагы болуп калууда, - деп баса белгиледи ЕЭК министри. - Өз кезегинде, Евразия экономикалык комиссиясы товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн эркин кыймылын камсыз кылуу менен биздин Бирликтин рынокторунда ак ниет атаандаштыкты камсыз кылуу маселелерине чоң көңүл бурат".
Бахыт Султанов санариптештирүү чөйрөсүндө адилеттүү атаандаштыкты колдоо зарылдыгын белгилеп өттү. ЕЭК министринин пикири боюнча, санариптик платформалар ЕАЭБде да, ошондой эле бүтүндөй дүйнөдө да өндүрүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн ортосунда байланыштарды орнотууда алмаштырылгыс ролду ойношот. Анткен менен, "капкачынын бийлигине" ээ болгондуктан, алар монополисттик кыянаттыктар үчүн шарттарды түзүшөт.
Министр бизнесте "атаандаштыкка жөндөмдүү" аң-сезимди калыптандыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ишкерлер менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн мисалдары катары Бахыт Султанов Комиссиянын атаандаштык блогу бир нече жылдан бери өткөрүп келе жаткан коомдук кабылдамалардын отурумдарын келтирди. Жолугушуулар гибриддик форматка ээ жана оффлайн жана онлайн форматта өтүп, көп сандаган катышуучулардын катышуусуна мүмкүнчүлүк берет. Коомдук кабылдаманын онлайн-катышуучусу болуу үчүн ЕЭКтин YouTube-каналында трансляцияга кошулуп, суроолорду берүү жетиштүү.
Бахыт Султановдун айтымында, ак ниеттүү атаандаштык маданиятын калыптандыруу үчүн дагы бир натыйжалуу инструмент болуп, жакында ЕЭКтин сайтында чек ара аралык рыноктордо атаандаштык эрежелери жаатындагы билимдерди тестирлөө инструменти болуп калды.
"ЕЭК сайтынын негизги баракчасында "ЕАЭБдеги атаандаштык - бизнес менен диалог" бөлүмүндө биз модулду - суроолордун жана жооптордун интерактивдик интерфейсин жайгаштырдык. Анын жардамы менен компаниялардын кызматкерлери ЕАЭБдин атаандаштык боюнча мыйзамдары жаатында өздөрүнүн билимдерин текшере алышат, ошондой эле анда монополияга каршы тажрыйбалардын белгилердин болушуна өздөрүнүн бизнес-жүрүм турумун баалай алышат", - деп жыйынтыктады ЕЭК министри.