Жаңылыктар

11.06.2024

Бахыт Султанов: "ЕАЭБде бирдиктүү эмгек рыногун өнүктүрүүдө Комиссиянын милдети - аны эмгек мигранттары үчүн максималдуу ыңгайлуу кылуу"

Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов 10-11-июнда Женевада өткөн Миграция боюнча эл аралык уюмдун (МЭУ) этикалык жалдоо саясатын илгерилетүү боюнча Глобалдык тармактын II Эл аралык жыйынына катышты. 

Сапардын алкагында ЕЭК министри МЭУ башкы директору Эми Поуп менен жолугушту. Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча планды, атап айтканда, МЭУнун этикалык жалдоо саясатын илгерилетүү боюнча Глобалдык тармагына катышуусун, ошондой эле МЭУнун тажрыйбасын эмгекчилердин кесиптик көндүмдөрүн таануу жаатында, квалификациялардын салыштырмалуулугуна негизделген чечимдерди иштеп чыгууда колдонуу маселесин талкуулашты.

Бахыт Султанов баса белгилегендей, "эмгек ресурстарынын бирдиктүү рыногун өнүктүрүүнүн жана ЕАЭБде ишке орношуунун ыңгайлуулугун андан ары жогорулатуунун үстүндө иштөө Комиссиянын негизги милдеттеринин бири болуп саналат".

Сапардын алкагында министр Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Саламаттык сактоо жана миграция боюнча глобалдык программасынын директору Сантино Северони менен да жолугушту.

Бахыт Султанов Комиссиянын жана ДССУнун кызматташтыгынын жогорку деңгээлин белгилеп өттү: "ЕЭК ЕАЭБ мамлекеттери менен биргеликте Стратегия-2025те каралган бир катар документтерди даярдады, аларды иштеп чыгууда ДССУнун сунуштамалары жана материалдары эске алынды. Бул иштин натыйжалары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын ишмердигинде чагылдырылат жана улуттук стратегиялык документтерди даярдоодо колдонулат".

Тараптар ЕЭКтин ДССУнун ар кандай бөлүмдөрү жана регионалдык бюролору менен байланыштарды түзүүгө, эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө жана евразиялык "бешилтиктин" өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо министрлеринин катышуусу менен биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө көмөктөшүү жөнүндө макулдашышты.

МЭУнун этикалык жалдоо саясатын илгерилетүү боюнча Глобалдык тармак Миграция боюнча эл аралык уюмдун башкы директору жана Швециянын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси тарабынан Женевада 2020-жылдын 3-декабрында негизделген. Тармактын биринчи отуруму 2021-жылдын 4-майында өткөн.

ЕЭК МЭУ менен 2013-жылдын апрелинде кол коюлган Меморандумдун негизинде өз ара аракеттенет, анын алкагында миграциялык кырдаалга жана ЕАЭБ мамлекеттеринин аймагында миграциялык мыйзамдарды колдонуу практикасына мониторинг жүргүзүү, миграцияны башкаруунун эл аралык тажрыйбасын изилдөө жана башкалар жүзөгө ашырылат. 2016-жылдын сентябрында Комиссия МЭУ Кеңешинде байкоочу статусун алган.