Жаңылыктар

06.12.2024

Бакытжан Сагинтаев: "ЕЭК Евразия регионунда БУУ ТӨМгө жетишүүнүн көрсөткүчтөрү жөнүндө жаңы баяндаманы сунуштайт"

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 6-декабрда Алматыда Евразия өнүктүрүү банкынын "Борбордук Азияны туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшүү" конференциясынын катышуучуларына саламдашуу сөзү менен кайрылды.

ЕЭК Коллегиясынын башчысы Евразия регионунун өлкөлөрү туш болгон глобалдык чакырыктардын арасында – климаттын өзгөрүшү бар, ал адамдардын жашоосунун бардык аспектилерине, анын ичинде экономикага таасирин тийгизет деп баса белгиледи.

"Бул маселенин маанилүүлүгүнө байланыштуу 2021-жылы Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары климаттын өзгөрүшүнө жана анын кесепеттерине каршы күрөштүн алкагында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү ниети жөнүндө билдирүүнү кабыл алышты, – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев. – Анда ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунун иштөө принциптеринен улам Париж макулдашуусунун максаттарына жана БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү ниети бекитилген".

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы белгилеп өткөндөй, экономикалык интеграция ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ТӨМ көрсөткүчтөрүнө жетишүүсүнө оң таасирин тийгизген кошумча фактор болуп калышы мүмкүн.

Бакытжан Сагинтаев ошондой эле үстүбүздөгү жылы Комиссия "ЕАЭБ аймагында БУУ ТӨМгө жетишүүнүн көрсөткүчтөрү 2.0" жаңы баяндамасын даярдай баштаганын билдирди. Аны Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында 2025-жылдын июль айында Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумдун алкагында сунуштоо пландаштырылган.

2017-жылы Комиссия "ЕАЭБ аймагында БУУ ТӨМгө жетишүүнүн көрсөткүчтөрү" биринчи баяндаманы даярдалган. Баяндаманын негизги тыянагы – экономикалык интеграция кошумча фактор болуп саналат, ал ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин ТӨМдүн көрсөткүчтөрүнө жетишүүсүнө оң таасирин тийгизет.