Жаңылыктар

12.03.2024

Бакытжан Сагинтаев жана Садыр Жапаров ЕАЭБ алкагында интеграциялык өз ара иштешүүнүн келечегин талкуулашты

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 12-мартта Бишкекте өткөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигин өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин карашты.

Атап айтканда, тараптар ЕАЭБдин эл аралык күн тартибинин маселелерине, ошондой эле орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекке интеграциялык өз ара иштешүүнүн негизги багыттарына өзгөчө көңүл бурушту.

Бакытжан Сагинтаев Комиссиянын ЕАЭБге катышуучу өлкөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоону, өнөр жай кооперациясын күчөтүүнү, өз ара соодадагы тоскоолдуктарды максималдуу четтетүүнү, экономикалык процесстерди кеңири масштабдуу санариптештирүүнү камтыган ишмердүүлүгүнүн негизги милдеттери жөнүндө маалымдады.

Тараптар ошондой эле ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин транспорт чөйрөсүндө өз ара иштешүүсүн талкуулашты.

Атап айтканда, "Чыгыш-Батыш" жана "Түндүк-Түштүк" багыттарында транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча пландар артыкчылыктуу мааниге ээ экендиги белгиленди. Бул Евразия экономикалык бирлигинин логистикалык дараметин Кытайдын "Бир алкак — бир жол" демилгеси менен айкалыштырууга кошумча импульс түзөт. Мындан тышкары, бул процесс санариптик транспорттук коридорлордун экотутумун киргизүү аркылуу жүк ташууну көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Бакытжан Сагинтаев жана Садыр Жапаров ошондой эле Комиссиянын жана мүчө мамлекеттердин ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларациясында белгиленген келечектеги биргелешкен ишинин багыттарын карап чыгышты.