Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Александр Турчинди Беларусь Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.
"Сиздин Өкмөт башчылыгындагы ишмердүүлүгүңүз Беларустун жана Евразия экономикалык интеграциясынын мындан аркы өнүгүшүнө өбөлгө болот деп ишенем", — деп айтылат куттуктоо катында.
ЕЭКтин жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев Александр Турчинге чың ден соолук жана Беларусь Республикасынын жана анын жарандарынын жыргалчылыгы үчүн белгиленген бардык пландардын ишке ашырылышын каалады.