Башкы
/
Жаңылыктар
/
Бакытжан Сагинтаев Мигель Диас-Канель Бермудести Кубанын Боштондук күнү менен куттуктады
Бакытжан Сагинтаев Мигель Диас-Канель Бермудести Кубанын Боштондук күнү менен куттуктады
01.01.2025
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Куба Республикасынын Президенти, Евразия экономикалык бирлигинин алдындагы байкоочу мамлекеттин башчысы Мигель Диас-Канель Бермудести Боштондук күнү менен куттуктады.
"ЕАЭБ мамлекеттеринин жана Кубанын ийгиликтүү өз ара аракеттенүүсү мындан ары да биздин өлкөлөрдүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн тереңдей берет деп ишенем", – деп белгиледи ЕЭК Коллегиясынын башчысы куттуктоо катында.
ЕЭКтин жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев Мигель Диас-Канель Бермудеске анын жооптуу ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Куба элине – гүлдөп өнүгүүнү жана бакубатчылыкты каалады.