Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев БРИКСтин Казань шаарында өткөн "БРИКС жана глобалдык Түштүк: мыкты дүйнөнүн биргелешкен курулушу" XVI саммитине катышты.
Саммиттин жүрүшүндө 30дан ашуун мамлекеттин жана бир катар алдыңкы эл аралык бирикмелердин лидерлери дүйнөдө, анын ичинде евразиялык мейкиндикте интеграциялык кызматташтыкты бекемдөө боюнча масштабдуу маселелерди карашты.
Атап айтканда, Евразия экономикалык бирлигинин БРИКС өлкөлөрү менен соодасы динамикалуу өнүгүп жаткандыгы жана андан аркы өсүш үчүн чоң потенциалга ээ экендиги белгиленди. БРИКС мамлекеттери менен товар жүгүртүү 2023-жылы 359 миллиард АКШ долларынан ашкан жана 2022-жылга салыштырмалуу 26%га өскөн, ал эми 2015-жылга салыштырганда 3,7 эсе өскөн.
Ошол эле учурда ЕАЭБ мамлекеттеринин тышкы соода жүгүртүүсүндө БРИКС өлкөлөрүнүн салыштырма салмагы 2023-жылы 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге өскөн.
Бирлик БРИКС кирген көпчүлүк өлкөлөр менен жигердүү диалог жүргүзүүдө. Мисалы, Кытай менен соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу түзүлгөн, аны өнүктүрүүнүн жол картасы иштеп жатат. Индия менен эркин соода аймагын түзүү талкууланып жатат. Ошол эле учурда Кытай жана Индия ЕАЭБдин ири соода өнөктөштөрү болуп саналышат.
Бирликтин Иран менен кызматташтыгы жигердүү өнүгүүдө. 2023-жылдын декабрында ЕАЭБ менен Иран Эркин соода жөнүндө макулдашууга кол коюшкан. Ал эми 2024-жылдын май айында Иран ЕАЭБге караштуу байкоочу-мамлекет статусун алуу өтүнүчүн жөнөткөн.
ЕАЭБ-БРИКС системалуу диалогун түзүүгө умтулуу Бирликтин Эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарында белгиленген. Мисалы, келерки жылы сооданы жөнгө салуу, санариптик экономиканы өнүктүрүү, бажылык башкаруу, өнөр жай кызматташтыгы, транспорттук-логистикалык жана энергетикалык тармактарда мыкты тажрыйбаларды алмашуу каралган.