Жаңылыктар

28.09.2023

Бакытжан Сагинтаев: "ЕАЭБ өлкөлөрү эмгекчилерди пенсия менен камсыздоо чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүнү электрондук форматка өткөрүүдө"

Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаев 28-сентябрда Алматыда (Казакстан) өткөн жогорку деңгээлдеги эл аралык тегерек столдо сүйлөп жатып билдирди. Дискуссия пенсиондук тутумдардын оптималдуу жана туруктуу моделдерин издөөгө, ошондой эле милдеттүү топтолуучу жана аралаш тутумдарды өнүктүрүүнүн келечегине арналды. 

ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаев тегерек столдун катышуучуларына 2021-жылдын 1-январында күчүнө кирген Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө макулдашуунун укук колдонуу тажрыйбасы жөнүндө айтып берди. Ал белгилеп өткөндөй, ЕАЭБ өлкөлөрү учурда эмгекчилерди пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү Бирликтин интеграцияланган маалыматтык тутумун колдонуу менен ишке ашырыла турган электрондук форматка өткөрүү боюнча жигердүү иштерди жүргүзүп жатышат.

"Бул ишти аяктоо пенсияны дайындоо жана төлөө менен байланышкан бардык жол-жоболорду олуттуу түрдө жөнөкөйлөтөт, маалыматтын тийиштүү деңгээлде корголушун камсыз кылат, ошондой эле пенсия дайындоо жана төлөө үчүн жарандардын арыздарын кароо мөөнөтүн кыскартат", – деп баса белгиледи Бакытжан Сагинтаев.

Иш-чаранын жүрүшүндө калкты социалдык коргоо тутумун жакшыртуу маселелеринде бардык кызыкдар тараптардын кызматташтыгын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

"ЕАЭБде эмгек миграциясынын оң динамикасы эмгек жана социалдык кепилдиктерди ишке ашыруу маселелеринин артыкчылыктуулугун талап кылат, – деп билдирди ЕЭК министри. – Буга байланыштуу социалдык, анын ичинде пенсиялык камсыздоо маселелери ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы интеграциялык процесстерде маанилүү ролду ойнойт".

    

Маалымат

Алматыда жогорку деңгээлдеги Эл аралык тегерек стол Казакстандын бирдиктүү топтолуучу пенсиялык фондунун жана Социалдык камсыздоонун эл аралык ассоциациясынын колдоосу астында өткөрүлдү. Ал Казакстан Республикасынын топтолуучу пенсиялык тутумунун 25 жылдыгын майрамдоого туш келди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Швейцариянын, Чилинин, Австралиянын, Кытайдын, Сауд Аравиясынын, Сингапурдун, Израилдин, Уругвайдын, Канаданын, Италиянын ж.б. эксперттеринин, ошондой эле экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун, Социалдык камсыздоонун эл аралык ассоциациясынын, Дүйнөлүк банктын жана башка уюмдардын өкүлдөрүнүн ортосунда тажрыйба жана билим алмашуу болду.