Жаңылыктар

05.08.2022 (Обновлено: 11.08.2022 09:49)

Бакытжан Сагинтаев "Лиссабон – Владивосток" Эл аралык бизнес-демилгесинин башкармасынын төрагасы Ульф Шнайдер менен жолугушту

Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаев жана "Лиссабон – Владивосток" Эл аралык бизнес-демилгесинин башкармасынын төрагасы Ульф Шнайдер 4-августта ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өткөн жумушчу жолугушууда Евразия экономикалык бирлигинин иштөөсүнүн маселелерин жана Европанын бизнес-коомдоштугу менен кызматташтыктын перспективаларын талкуулашты.

Ульф Шнайдер "Лиссабон – Владивосток" Эл аралык бизнес-демилгесинин ишмердиги жөнүндө маалымдады. Жолугушуунун катышуучулары анын учурдагы шарттардагы перспективалары жөнүндө пикир алмашышты, европалык бизнестин күтүүлөрүн эске алуу менен евразиялык экономикалык интеграциянын өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты жана диалогду улантуу жөнүндө келишишти.