Жаңылыктар

31.10.2024

Бирликте мамлекеттик сатып алуулардын үчтөн экиден ашык бөлүгү ачык атаандаштык ыкмалар менен ишке ашырылууда

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттик сатып алууларынын көлөмүнүн 2/3 ашык бөлүгү ачык атаандаштык сатып алуулар ыкмалары аркылуу жүзөгө ашырылат, алардын 99% электрондук форматта жүргүзүлөт.

Бул туурасында жана өз ара катышуунун башка статистикалык жыйынтыктары жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы саясат департаментинин директорунун орун басары Нурлан Бегалиев Санкт-Петербургда Контракттык мамилелер эл аралык форумунда "ЕАЭБ жана БРИКС өлкөлөрүндө мамлекеттик сатып алууларды жайгаштыруунун жана жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү. Сатып алуулардагы чектеш чекиттер" секциясында билдирди.

Нурлан Бегалиевдин сөзү боюнча, азыркы шартта мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсү Бирлик өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүүсүнүн жана эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүнүн маанилүү инструменти болуп саналат. Ошондуктан көпчүлүк учурда ЕАЭБде аталган тармакка өзгөчө көңүл бурулат.

Азыркы учурда Комиссия бир катар багыттар боюнча иштеп жатат, аларды ишке ашыруу резидент эмес жеткирүүчүлөргө Бирликтин аймагында мамлекеттик сатып алууларга тоскоолдуксуз катышуу үчүн дагы көп мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Бул иштин маанилүү натыйжаларынын катарында Нурлан Бегалиев ЕАЭБде мамлекеттик сатып алуулар үчүн банктык кепилдиктерди өз ара таануу жөнүндө эл аралык келишимге кол коюуну, мамлекеттик сатып алуулар максатында электрондук санариптик кол тамгаларды өз ара таануу боюнча эрежелерди иштеп чыгууну, аталган максаттар үчүн ЕАЭБ товарлары чыгарылган өлкөнү аныктоонун бирдиктүү эрежелерин белгилөө жөнүндө маселени чечүүнү атады.

ЕАЭБде мамлекеттик сатып алуулар боюнча отчеттуулуктун көрсөткүчтөрүнүн толук талдоо менен бул жерден таанышууга болот.