Жаңылыктар

21.06.2022

ЕӨАК мүчөлөрү Бирликтин бирдиктүү рыногунун азык-түлүк жана башка товарлардын сезимтал түрлөрү боюнча иштөө эрежелерин аныкташты

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары бирдиктүү рыноктун продукциянын сезимтал түрлөрү боюнча иштөө эрежелерин аныкташты. ЕӨАКтын тескемеси менен өз ара соодада мындай товарлардын бекитилген индикативдик баланстардын алкагында эркин өткөрүлүшү бекитилди.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешине Бирликтин мамлекеттеринин өкмөттөрү менен биргеликте тизмектеги товарларга карата баланстарды даярдоону уюштуруу тапшырылды.
Аталган продукцияны үчүнчү өлкөлөргө алып чыгууда тараптар Бирликтин алкагында экспортту жөнгө салуунун бир тараптуу жана (же) бирдиктүү чараларын кабыл алууда бир же бир нече мамлекеттер тарабынан белгиленген, экспортту жөнгө салуу чараларынан айланып өтүүгө жол беришпейт.

ЕӨАКтын тескемеси расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет жана 2024-жылдын 30-сентябрына чейин аракеттенет.