Жаңылыктар

20.02.2023

ЕЭКтин Ишкердик ишмердикти өнүктүрүү департаментинин директору болуп Ернар Бакенов дайындалды

Ернар Бакенов 1974-жылы Караганда шаарында (Казакстан) төрөлгөн. Караганда мамлекеттик университетин (билими боюнча адистиги - экономист) аяктаган.

Эмгек ишмердигин 1996-жылы Караганда шаарындагы Ленин районунун Элдик банкынын филиалында баштаган.

1997-2007-жылдары Казакстан Республикасынын бажы органдарында, Костанай жана Караганда шаарларында иштеген, Казакстан Республикасынын Бажы комитетинин бажылык жол-жоболоштуруу бөлүмүнүн башчысы кызматын ээлеген.

2008-жылдан 2012-жылга чейин - "Соода саясатын өнүктүрүү борбору" АКнын башкы эксперти, департамент директорунун орун басары, департамент директору.

2012-жылдын июнунан 2017-жылдын апрелине чейин Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министрлигинин Эл аралык экономикалык интеграция департаментинин директору кызматын ээлеген.

2017-жылдын апрелинен сентябрына чейин - Казакстан Республикасынын улуттук экономика боюнча Вице-министри.

2018-жылдын июнунан 2023-жылдын январына чейин - Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсүнүн жардамчысы.

2023-жылдын февралында Евразия экономикалык комиссиясынын Ишкердик ишмердикти өнүктүрүү департаментинин директору болуп дайындалды.